Чыныбай Турсунбеков атындагы поэзия фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Чыныбай Турсунбеков атындагы конкурстун жеңүүчүлөрүнө тапшырылуучу статуэтка.

Ысык-Көлдө төртүнчү ирет уюштурулган Чыныбай Турсунбеков атындагы поэзия фестивалы жыйынтыкталды. Ага катышкан 45 жашка чейинки 80ге чукул акындардын ичинен алты финалист аныкталса, көркөм окуу сынагынан 200дөн ашуун катышуучунун ичинен жетөө суурулуп чыккан.

Алар финалдык сынакта алдыңкы орундар үчүн ат салышып, жыйынтыгында акындардан баш байгени Сайра Батыркулова жеңип, 100 миң сом акчалай сыйлык жана атайын статуэтка менен сыйланды. Ал эми 1-орунга татыган Канат Таалайбеков 40 миң сом жана диплом, 2-орунга ээ болгон Жылдызбек Турсунбаев 30 миң сом жана диплом, 3-орун Элгиза Бусурманкулова 20 миң сом сыйлык жана диплом менен сыйланды.

Ал эми акындар Ырысгүл Изатова “Жылдын табылгасы” номинациясына, Эдилбек Муканбетов “Эл сүймөнчүгү” номинациясына татыды.

Ал эми көркөм окуу боюнча сынакты 12 жаштагы Нарын районунан келген мектеп окуучусу Нурислам Кадырбеков жеңип, 30 миң сом акчалай сыйлык, статуэтка, диплом менен сыйланса, 2-орунга ээ болгон Раиса Акылтай кызы 20 миң сом, диплом, 3-орунду багындырган Диана Амантурова 10 миң сом менен сыйланды. Мындан сырткары Бакыт Карыпбаев, Кутман Расулбеков, Азиза Үсөнөва, Самира Шаменова атайын кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болду.

“Акун” пансионатында өткөн поэзия фестивалы адабияттын үч муунунун өкүлдөрүнүн башын бириктирген аянтча болуп калды. Ага өлкөнүн жети дубанында жашаган таанымал калемгерлерден тарта, мектеп окуууларына чейин чакырылган. Мындан сырткары фестивалдын буга чейинки катышуучулары фестивалды поэзия менен коштоп, көрүүчүлөргө кыз-жигиттин сармерден оюнун тартуулашты.

Акын, котормочу, мамлекеттик ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбеков 2020-жылы 6-июлда 60 жашында акка моюн сунган.

Анын “Жүрөктөгү жаңырык”, “Шаарда жоголгон сөз” , “Жалын тоо” аттуу ыр жыйнактары жарык көргөн.

Ыр дүйнөсү менен катар ишкерлик менен алектенип, кийинчерээк саясатка кызуу аралашкан Чыныбай Турсунбеков жаатта өлкөдөгү либералдык реформаларды өнүктүрүүгө тилектеш болуп, демократиялык баалуулуктарды, сөз эркиндигин сүрөп келген.

Жаш калемгерлерди колдоо максатында түзүлгөн фонд 2020-жылы түзүлгөн. Фонд 2021-жылдан бери "Акун" пансионатында поэзия сынагын өткөрүп келет. Жобо боюнча алгач ага катышуучулардын жашы 35 жашка чейин болушу керек деген чек болсо, быйылтан баштап 45 жашка чейинкилерге катышууга мүмкүнчүлүк берилди. Уюштуруучулар айтымында эми алдыда поэзия фестивалы эл аралык деңгээлде өткөрүлөт. (MZh)

Дагы караңыз

Газа боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр да натыйжасыз аяктады "Аба жетпей калды деп суранган". Милиция кармаган жарандын өлүмү иликтенүүдө