Краматорск: "Рейтердин" атайын тобунун мүчөсү мүрт кетти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

26-августтун таңында Украинанын аймагы орус армиясынын жапырт аба соккусуна дуушар болду. Негизинен энергообьектилер бутага алынды. Жекшембиде Краматорскиге жасалган соккудан "Рейтер" агенттигинин атайын тобунун мүчөсү мүрт кетти. Ошол эле учурда 26-августтун таңында Орусиянын Саратов жана Энгельс калаалары дрон чабуулуна туш болгону кабарланды.