Украинанын бир катар шаарлары жапырт аба чабуулуна кабылды

Украинанын Краматорск шаары.

Украиналык жалпыга маалымдоо каражаттары 26-августтун таңында өлкөнүн бир катар аймактары жана шаарлары Орусиянын жапырт аба чабуулуна кабылганын жазып жатышат.

Киев убактысы менен таңкы саат 8:30га карата Киев, Кировоград, Днепропетровск, Запорожье, Хмельницкий, Винница, Волынь, Тернополь, Львов жана башка аймактарда абадан коргонуу системасынын иштегени жана жарылуулар болгону тууралуу маалыматтар бар.

26-август күнү таң эрте Орусия асманга 11 стратегиялык бомбалоочу учагын учурган. Бул тууралуу "Азаттыктын" украин кызматы жазды. Украин телеграм-каналдары «Калибр» канаттуу ракеталарынын, болжол менен Кара деңиз акваториясынан атылгандыгы тууралуу билдиришүүдө. Ал жерде, Украина Куралдуу Күчтөрүнүн маалыматы боюнча, жалпысы 28 «Калибр» ракетасын атууга жөндөмдүү төрт орус ракеталык кемеси бар.

Массалык аба чабуул учурунда Полтава облусундагы өнөр жай объектисине сокку урулганын аскердик администрациянын башчысы Филипп Пронин билдирди. Бул тууралуу "Азаттыктын" украин кызматы жазды.

"Душман Полтава аймагындагы өнөр жай объектисин урду. Беш адам жаракат алды", - деди ал.

Харьковдун бийлиги да аймакта орусиялык аткылоолор болгонун кабарлады.

Киев шаардык аскердик администрациясы Киевдин айланасында абадан коргонуу системасы иштеп жатканын билдирди.

Одесса облусунун башчысы Олег Кипер облустук борбордо жарылуулар болгонун айтты.

Украиналык Telegram каналдары Днепр, Запорожье, Хмельницкий, Кривой Рог жана Кропивницкий шаарларынын аймагында да жарылуулар болгонун билдиришүүдө.

Мунун алдында Украинанын аскердик бийлиги орусиялык Ту-95МС бомбалоочу учактарынын активдүүлүгү, сокку уруучу дрондордун кыймылы көбөйгөнү байкалганын жана Кара деңизде "Калибр" ракеталарын ташуучу кемелер жүргөнү тууралуу эскерткен.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги түндө жана эртең менен Орусиянын бир нече аймагында Украинанын 20 учкучсуз учагы жок кылынганын маалымдады. Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, Саратов облусунда 9 дрон, Курск облусунда 3 дрон, Брянск, Белгород жана Тула облустарында экиден, Орел жана Рязань облустарында бирден дрон жок кылынган.

Бийликтердин жана ЖМКлардын билдирүүлөрү боюнча, Саратов жана Энгельс шаарларындагы турак үйлөргө эки учкучсуз учак түшкөн. Учкучсуз учактардын бири Саратовдогу бийик имаратка урунган. Бул тууралуу Саратов облусунун губернатору Роман Бусаргин билдиргенин "Азаттык" радиосунун орус кызматы кабарлады. Анын айтымында, бир аял жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Калган жабыркагандарга жеринде жардам көрсөтүлүүдө.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн өз алдынча тактоо мүмкүн эмес болууда.