Белгороддун губернатору соңку соккулардан беш киши өлгөнүн билдирди

Белгород облусу.

Орусиянын Белгород облусундагы Ракитное кыштагын бутага алган соңку аткылоолордон беш киши өлгөнүн облустун губернатору Вячеслав Гладков жекшемби күнү билдирди. Ал дагы он кишини жарадар кылган бул чабуул үчүн Украинанын куралдуу күчтөрүн айыптады.

Гладковдун сөздөрүн көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эмес. Расмий Киев мындай айыптоолор тууралуу комментарий бере элек.

Гладков жаракат алгандардын үчөө жаш балдар экенин, алты киши оор абалда жатканын кошумчалады. Соңку чабуул жайкын тургундардын турак жайларына жана газ кууруна зыян келтиргени кабарланып жатат.

Ракитное кыштагы Белгороддун батыш тарабында, Украинанын чек арасынан анча алыс эмес жерде жана 6-августтан тарта украин күчтөрү кирип барган Курск облусунун кармаш жүрүп жаткан аймактарына жакын жайгашкан.

Соңку күндөрү Орусиянын Белгород облусу утур-утур аткылоолорго туш болуп жатат. Бул облустан Украинаны көздөй да ракеталар тынымсыз учурулуп келет.

Соңку бир сутка ичинде Украинанын Харьков жана Донецк облустары орус күчтөрүнүн ракета жана дрон чабуулдарына дуушар болду. Андан баш-аягы тогуз киши жараат алды. Украинанын чыгышындагы Краматорск шаарында жергиликтүү мейманканага сокку урулуп, андан кеминде эки журналист жабыркаганы белгилүү болду.