Этно дизайнды даңазалаган студенттер

Кыргызстандагы этно дизайнды өнүктүрүүнү максат кылган бул көргөзмөгө өлкөдөгү чыгармачылык кесипти окуткан окуу жайлардагы 9 студенттин эмгеги коюлган. 
Алар Бишкектеги Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт академиясынын, Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын, Кыргыз-орус Славян университетинин, ОшМУнун, Эл аралык кыргыз-өзбек университетинин студенттери.

Жаш кол өнөрчүлөрдүн биринин окуп жаткан кесиби карапачы болсо, бири кийим дизайнери, дагы бири текстиль сүрөтчүсү, айрымдары графикалык дизайнерлер.

Көргөзмөгө ар кыл багыттагы 8 эмгек коюлуптур. 

Бул долбоор быйыл май айында эле башталган экен. Музейге эмгеги коюлган студенттер анын алкагында атайын уюштурулган конкурстан өтүп, тандалып алыныптыр.

9 катышуучу сынактан өткөндөн кийин Өзбекстанда аларга атайын бир апталык сайма, нукура боёк, карапа боюнча мастер-класстар уюштурулган. Келгенден кийин кыргыздын дүйнө таанымы, салттуу кийимдер, оюулардын философиясы, Эне-сай жазуулары, петроглифтер боюнча жалпы 12 темадан турган семинар өтүлгөн. Ошондуктан бул көргөзмө алардын семинарда алган билиминин негизинде жасалган.

 

Көргөзмөнүн өзгөчөлүгү мындагы эмгектердин баары кыргыздардын түптүү түшүнүктөрүнө арналган экен. Маселен, бата берүү, аластоо каадалары, Умай эне жана ата-баба арбактары өңдүү түшүнүктөр камтылган.

Маселен, “Күмүш мурас” деп аталган бул кийимдер коллекциясын Кыргыз-орус Славян университетинде кийим дизайны багытында окуп жаткан студент Аделина Маматова иштеп чыккан. Кызыгы бул эмгекте кадимки чүкөлөр негизги элемент катары тандалган. Мындан сырткары жаш автор кийимге өзүнун уруусунун эн белгисин түшүргөн.

Аделина Маматова бул эмгеги менен өзүн-өзү таануу, өзөгүнө кайтуу темасын көтөргөнүн айтат:

“Мен кесек уруусунан болом. Бул эмгегимде ошол уруунун эн тамгасын түшүрдүм. Анан кадимки чүкөлөрдү чогултуп, аларды күмүш түскө боюп, бул жерге коштум. Чүкө менен элибиздин устукан тартуу маданиятын бергим келди. Өзүм борбордо туулгандыктан орус мектепте окугам, азыр окуган окуу жайымда да, чөйрөм да орус тилдүүлөр. А мен бул долбоордо жүргөндө жалаң эне тилде сүйлөштүк. Таланттуу кыздар менен таанышканым да чоң сыймык болду. Ата-энем буга чейин мага өз мурасыбызды сактап калалы деп көп айтар эле. Мына ошондуктан да ушул эмгекти жасадым. Алдыда бул коллекция менен Өзбекстандагы фестивалга да катышканы турабыз. Менин максатым - мыкты эмгектерди жаратып, көп өлкөлөрдү кыдыргым келет”.

Бул аластоо темасына арналган пано заманбап ыкмалар менен кийизден жасалган. Ал студент Гүлнур Аваз кызына таандык. Аластоо кыргыздардын руханий маданиятында физиологиялык жактан гана таасир этпестен, адамдын ички дүйнөсүн да тазалайт деген түшүнүк бар.

Ал эми аластоо темасынын эки жагындагы витраждык сүрөттөрдү Алина аттуу студент Умай эне темасына арнаган. Умай эне түшүнүгү кыргыздардан башка айрым түрк тилдүү калктарда да бар. 

“Булак” деп аталган бул эмгек Самира Талантбековага таандык. Эмгекке автордун апасынын “Булак менен баарлашуу” деген ыры да камтылган.

Көргөзмөнүн куратору, долбоордун автору Миррахим Опош бул саамалыктын максаты кыргыздардын салттуу маданиятын өнүктүрүп, андагы маанилүү элементтерди туура колдонууну үйрөтүү экенин айтты:

“Азыр Кыргызстанда этно дизайн багытында көйгөйлөр көп. Анткени ушул багытта иш алып барган инсандар этника десе эле сайманы же кайсы бир элементтерди өздөрү билгендей колдоно беришет. Бирок булар жөнүндө алардын басымдуу бөлүгүндө маалыматы, билими жок. Ошондуктан ката көп болуп жатат. Мисалы, салттуу кийимдин элементтерин алсак, ошол эле кеп такыя кыргызда ич кийим катары эсептелет. Бирок аны азыр айрымдар сырт кийим катары кийип жүрүшөт. Ошондой эле оюуларды да туура эмес колдонуп жатышат. Биз салттуу коом болгондуктан биздеги ар бир элемент, предметтин өзүнүн кызматынан сырткары, руханий, сакралдык да мааниси бар. Ошолорго өтө кылдат мамиле кылыш керек. Ал үчүн билим, маалымат керек. Бул долбоор дал ошондой катачылыктарды жоюуга, маалымат берүүгө аракет кылат. 

Бул карапалар Т. Садыков атындагы көркөм сүрөт академиясынын студенти Айдананын эмгеги. Ал карапаларды коюу менен кыргыз эли эзелки улут экенин, эчен кылымдарды карытып келгенин туюнткусу келген.

Бул ала кийизден жасалган эмгек “Коргоочулар” деп аталат. Аны Кымбат Урматбек кызы жасаган. Студент кыз бул эмгегин ата-бабалардын арбактарына арнаган экен.

А бул заманбап интерпретация менен иштелген кооз кийимдер ОшМУнун студенти Мунайым Базаркулованыкы экен. 
 

Базаркулова эмгектери, алдыдагы максаттары тууралуу буларды айтты:

“Бул эмгегим көргөзмөлөргө гана коюлат, сатыкка чыкпайт. Буларды табигый түстөр менен таза пахтадан тиктик. Мындан башка да “Улуу жол” деп аталган кийим коллекциям бар. Ал эмгектер жалаң айымдарга арналган. Бул кесипке өз кызыгуум менен келгем. Анткени апам да мыкты уз. Анын кесибин улантып жатканыма кубанам. Алдыда дизайнер катары өзүмдүн брендимди ачып, бийик деңгээлге көтөрүлгүм келет. Бул мен катышкан экинчи көргөзмө болду. Буга чейин өзүм окуган факультеттеги киймидер көргөзмөсүнө катышкам”.
 

Долбоордун алкагында жалпы катышуучулар биригип, бул ала кийизди жасаган. Анын ортосунда салттуу оюулар, ал эми четине заманбап чийимдер түшүрүлгөн.

Долбоордун автору Миррахим Опош ала кийизди учурда эл ичинде жасагандар азайып, мурас катары жоголуп баратат дейт.


Бул интерактивдик эмгекке каалаган көрүүчүлөр оймо-чийме түшүрсө болот.

Уюштуруучулардын айтымында, 20-августта ачылган бул көргөзмө ЮНЕСКОнун колдоосу менен ишке ашкан. Аны каалагандар 1-сентябрга чейин Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинен көрө алышат. Ал эми сентябрь айында ушул эле көргөзмө Өзбекстанда уюштурулары айтылды.