21-август: Тоңдо Зындан көлү жырылды, Запорожьеде балдар кафесине сокку урулду

Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Зындан көлү жырылып, суу кирди, 21-август, 2024-жыл

21-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Жогорку сот Каныкей Аранованы үч жарым жылга кескен чечимди күчүндө калтырды

21-августта Жогорку сот пикири үчүн кармалган Каныкей Аранованын адвокаттарынын кассациялык арызын карап, Бишкек шаардык сотунун аны үч жарым жылга кескен чечимин күчүндө калтырды. Социалдык түйүндөрдө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн Каныкей Аранова 1-февралда Москвадан кармалып, алып келинген. Апрелде аны Бишкектин Биринчи май райондук соту 120 миң сом айыпка жыгып, өзүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде абактан чыгарган. 28-июнда Бишкек шаардык соту аны 3 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Аранова "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" жана "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу” боюнча айыптуу деп табылган.

Донбасста аткылоодон эки киши өлдү. Запорожьеде балдар кафесине сокку урулду

Шаршембиде эртең мененки аткылоодон Донецк облусунда бир аял каза тапты. Аймактын аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкин орус армиясы Северскини артиллериядан бутага алганда дагы бир киши мерт кеткенин билдирди. Администрация ошондой эле 20-августтагы чабуул маалында Торецкиде каза болгондордун саны дагы бир кишиге өскөнүн маалымдады. «Азаттыктын» украин редакциясы жазгандай, ага чейин облус жетекчилиги Донбасста 24 саатта бир киши окко учканын, төртөө жабыркаганын билдирген.

Тоңдо Зындан көлү жырылып, тургундар эвакуацияланууда

21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Б.Мамбетов айыл аймагына тиешелүү Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралды. Туура-Суу гидропостунун маалыматы боюнча бийик тоолуу Зындан көлү жырылып, суунун көлөмү көбөйгөн. Аталган гидропосттун кызматкери көлдүн жырылуусун тактагандыгы аныкталган. ӨКМ маалымдагандай, саат 19:45ке карата Туура-Суу айылынын 90 жашоочусу жана Балык завод тилкесинен 70 адам жакынкы Эшперов жана Ак-Сай айылдарына көчүрүлүп, убактылуу жайгаштырылды.

Газадагы согушту токтотуу келишимине жетишиле элек

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Жакынкы Чыгыштагы сапары маалында Газада тынчтык орнотуу кадамдарын ыкчамдатуу тууралуу айтып келсе да, Израил менен АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобунун ортосунда ок атышууну токтотуу, барымтадагыларды бошотуу келишимине жетишүү аракетинен майнап чыга элек. "Рейтер" агенттиги кабарлагандай, шейшембинин кечинде америкалык башкы дипломат региондон кайтардын алдында "келишимди жакынкы күндөрдө түзүү зарылдыгын белгилеп, ал үчүн бардык аракеттер" көрүлөрүн билдирди.

Кыргызстандын көпчүлүк банктары Орусиянын банктарына акча которууну токтотту

Кыргызстандын Мбанк ("Кыргызстан" банкы) жана “Керемет банк” коммерциялык банктарынын Орусия банктарына акча которуу токтогонун жарыялагандан улам 24.kg басылмасы башка банктардагы жагдайларды иликтеп көрдү. Тиешелүү материалды медиа 21-августта жарыялады. Басылманын журналисттери жалпы 16 банкка кайрылса, алардын 13ү Орусиянын банктарына акча которуу мүмкүн эмес экенин айтышкан.

Чүйдө дарыгерге кол көтөргөн аял кармалды

Чүй облустук милиция кызматкерлери дарыгерге кол көтөргөн аялдын тек-жайын аныктап, кармады. Маалыматта айтылгандай, 19-августта Чүй райондук милиция бөлүмүнө Токмок шаарынын тургуну, 27 жаштагы З.И. аттуу медициналык кызматкер арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 04:00 чамасында райондук оорукананын реанимация бөлүмүндө ага И.Ж. аттуу аял себепсиз кол көтөрүп, уруп-сабап, денесине зыян келтиргенин айтып, ага чара көрүүнү өтүнгөн.

Собянин Москвага учуп келаткан 10 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди

Орусиянын Коргоо министрлиги өткөн түнү Москва, Брянск, Белгород, Калуга жана Курск облустарында украиналык төрт учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди. Москванын мэри Сергей Собяниндин маалыматы боюнча "орус баш калаасына дрондор менен чабуул коюунун масштабдуу аракети көрүлдү". Ал 21-августка караган түнү шаарды көздөй учуп келаткан кеминде 10 дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Мэр жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшпөгөнүн кошумчалады.

Талибдер БУУнун Адам укуктары боюнча атайын өкүлүн Ооганстанга киргизбейт

Ооганстанды башкарган “Талибан” кыймылы БУУнун Адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Ричард Беннеттин өлкөгө киришине тыюу салды. Талибдердин басма сөз катчысы Забихулла Мужахид Беннетти Ооганстандагы абал жөнүндө “жалган” маалымат берүүдө, “пропаганданы” жайылтып жатат деп айыптады. БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Беннетти 2022-жылы дайындап, ага “Талибан” бийликке кайтып келгенден кийин Ооганстандагы адам укуктарынын абалына байкоо салуу вазийпасы жүктөлгөн. Дипломат буга чейин өлкөгө бир нече жолу барып кеткенден кийин адам укуктары, өзгөчө кыз-келиндердин укуктары одоно бузулуп жатканын белгилеген.

АКШнын Демократиялык партиясы Камала Харристи президенттикке талапкер кылып көрсөттү

Харристке Чикагодогу улуттук курултайдын 4567 делегаты же 99% добуш берди. Харрис жана вице-президенттикке тандалган Тим Уолз ошол маалда Милуокиде шайлоо алдындагы митинг өткөрүп жатышкан. Харристи экс-президент Барак Обама жана анын жубайы Мишел Обама колдошту. 19-августта жыйында президент Жо Байден чыгып сүйлөп, дагы бир жолу Харриске колдоосун билдирген. Туура бир ай мурун Байден жарыштан чыкканын, вице-президентин талапкер катары колдоорун жарыялаган.

Чүйдө контейнер менен тосулган 353,3 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдиргендей, текшерүү иштеринин жүрүшүндө өнөр жай жерлерин мурдагы депутат М.Н.К. өзүнө аффилирленген компаниялар аркылуу жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кеткени такталган. Жер тилкенин базар баасы 4 млрд 7 млн 77 миң сомду түзгөн.

Түркияда кырсыкта каза тапкан эки кыргызстандыктын жакындарына 5 млн сомдон кенемте берилди

Түркияда тик учак кырсыгында каза болгон эки кыргызстандык жарандын (А.О.А. жана Я.Л.Ю.) жакындарына аларды жалдаган “Транс Караван Кейджи” жоопкерчилиги чектелген коому 5 млн 102 миң сомдон компенсация төлөп берди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматы билдирди. 2023-жылы 16-сентябрда Түркиянын Мендерес аймагында токойдогу өрттү өчүрүүгө катышкан Ми-8МТВ-1 тик учагы Тахтали дамбасына кулап түшкөн. Анда кыргызстандык эки учкуч каза болгон.

Бишкекте батирлерин ижарага берип, салык төлөбөгөндөр текшерилди

Бишкек шаарында турак жайын ижарага берген адамдарды (батир тапшыруучуларды) салыктык эсепке алуу боюнча рейддик иш-чаралар улантылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Мэрия эскерткендей, турак жай аянтын ижарага берүү үчүн патенттин баасы: көп кабаттуу үйлөргө – чарчы метр үчүн 30 сом (пайдалуу аянты), жеке үйлөргө – чарчы метр үчүн 40 сом (пайдалуу аянты). Салык төлөөдөн качкандарга айып пул салынат.