Подоляк Курскиде кармаш "туу чокусуна" жеткенин айтты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Курск облусунда украин аскерлеринин көзөмөлүндөгү райондордо ооруканалар, дүкөндөр иштебей турат. Жергиликтүү тургундар азык-түлүктүн, таза суунун тартыштыгына туш болду. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленскийдин улук кеңешчиси Михаил Подоляк "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна берген интервьюда билдирди. Киевдин өкүлү Украина жергиликтүү калкка гуманитардык жардам жеткирип, эл аралык нормаларга ылайык коргоп жатканын айтты.