19-август: Ысык-Көлдө айылдарды сел каптады, экс-президент Назарбаевдин иниси абактан эрте чыгат

Ысык-Көл облусундагы сел, 18-сентбярь, 2024-жыл

19-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Ысык-Көл: 300дөн ашуун үйдү, бир нече пансионаттын короосун сел каптады

18-августтун кечинде жүргөн сел Ысык-Көл жана Тоң райондорунун бир нече айылдарын каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Бекмамат Абдырахмановдун сөзүнө караганда кокту-колоттон келген сел Ысык-Көл районун Корумду, Темиров айылында 300дөй үйдүн короолорун, сарайларын жана жер төлөлөрүн каптаган. Мындан тышкары Булан-Сөгөттү айылында 30дан ашуун үйдүн, "Аврора", "Аврора плюс", "Карвен" эс алуучу жайларынын короолорун суу каптап, Балыкчы-Каракол жолунун 97-чакырымын сел баскан. Ысык-Көл районунда жана Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин камактагы мөөнөтү узарды

19-августта Биринчи май райондук сотунун чечими менен анын камактагы мөөнөтү дагы бир айга чейин узартылды. Бул тууралуу анын адвокаты Акынбек Ногойбаев "Азаттыкка" билдирди. УКМКнын кызматкерлери Карабаевди 2-июлда суракка алган соң кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган.

БШК депутат Мейкинбек Абдалиевди мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Мейкинбек Абдалиевди өзүнүн арызынын негизинде мандатынан ажыратты. БШК бошогон депутаттык орунду кийинки тизмеде турган талапкер Арсланбек Эгембердиевге берди. Бул тууралуу чечимди БШКнын мүчөлөрү 19-августтагы жыйында бир добуштан кабыл алды. Абдалиевдин мындай кадамга барган себеби айтылган жок. "Азаттык" аны менен байланышкан учурда өз чечими комментарий берүүдөн баш тартты.

Блинкен Газа боюнча сүйлөшүүлөр "чечүүчү учурга" келгенин айтты

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтондун Газа боюнча бул күндөрү көрүп жаткан дипломатиялык аракеттери «балким, эң мыкты, бирок акыркы мүмкүнчүлүк болушу ыктымал» экенин белгилеп, тараптарды бир жыйынтыкка келүүгө чакырды. 19-августта Тель-Авивде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Блинкен: «Азыр чечүүчү учур. Барымтадагыларды үйүнө кайтаруу, ок атышууну токтотуу жана баарын бекем тынчтык жана коопсуздук нугуна салуу үчүн берилип жаткан эң жакшы, балким, акыркы мүмкүнчүлүк. Баары «ооба» деп айтканга жана «жок» деп айтууга эч кандай шылтоо издебегенге убакыт келип жетти», - деди.

Орусия Украина ээлеген аймагында дагы бир көпүрөгө сокку урулганын тастыктады

Орусиянын украин аскерлери ээлеп турган Курск облусунда стратегиялык мааниси бар экени айтылган үч негизги көпүрөнүн үчүнчүсүнө да сокку урулганын орус тарап маалымдоодо. Сейм дарыясынын Глушково районундагы үчүнчү көпүрө жарактан чыгарылганын орусиялык блогерлер Владимир Романов жана Юрий Подоляк жазып чыгышкан. 19-августта Кремлчил үгүтчү Владимир Соловьевдун Telegram каналына Орусиянын Тергөө комитетинин өкүлүнүн видеосу жарыяланды. Украин армиясы Орусиянын Курск облусунун аймагына 6-августта кирип барган. Президент Зеленский украин аскерлери фронттогу бардык багыттар боюнча "жакшы натыйжа" көрсөтүп жатканын, Орусиянын Курск облусундагы операциянын максаты "буфердик зона" түзүү экенин 18-августтун кечиндеги видео кайрылуусунда айтты.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр уланды

11-августтан 17-августка чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайты кабарлады. Жумушчу топтордун мурдагы жолугушуусу 1-6-июль күндөрү Тажикстандын Бустон шаарында өткөн. Ага Кыргызстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын төрагалары – кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегациялардын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов да катышкан.

Министрлик Кыргызстанда маймыл чечегинин алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын билдирди

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги маймыл чечек деп аталган мрох вирусу боюнча дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу билдирүү таратып, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, бирок алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын маалымдады. Мекеме билдиргендей, Кыргызстанда маймыл чечек жуктурган учурлар катталган жок. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму илдет кайра жайыла баштагандан улам 2024-жылдын 15-августунда экинчи ирет дүйнөлүк мааниде өзгөчө кырдаал жарыялады.

Казакстанда АЭС куруу сунушун "путиндик жарнама" деген активист кармалганы кабарланды

Казакстанда атомдук электр станциясын курууга каршы пикирин билдирип келген, соңку талкуулардын биринде мындай долбоорду "Путиндик корпорациянын жарнамасы" деп атаган активист кармалганы кабарланууда. "Азаттык" радиосунун казак кызматы 19-августта жазгандай, Мейрхан Абдиманаповдун телефону өчүрүлүү экенин, полиция болсо аны полиция бөлүмүнө алып барышпаганын билдирүүдө. АЭС маселесине арналган жыйындар Казакстанда ушуну менен 19-жолу уюштурулду, акыркы жолугушуу Алматыда өттү.

Назарбаевдин иниси пробациялык көзөмөл менен абактан чыгат

Казакстанда мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин инисинин уулу, бир катар коммерциялык жана улуттук ишканаларды жетектеп келген Кайрат Сатыбалдынын (Сатыбалдыулы) жаза чарасын жумшартуу тууралуу өтүнүчү канааттандырылды. Жаза мөөнөтүн абакта эмес, үч жыл үч ай эркиндиги чектелген пробациялык көзөмөл астында өтөөгө уруксат берилди. Кайрат Сатыбалды "Казахтелеком" жана "Транспорттук сервис борбору" компанияларынан ири суммада акча уурдаган деген шек менен 2022-жылы март айында кармалган. Ошол эле жылдын сентябрында Кылмыш-жаза кодексинин “Ишенип берилген мүлктү уурдоо” жана “Уурдоо максатын көздөбөстөн зыян келтирүү” деген беренелери боюнча мүлкүн конфискациялоо менен алты жылга эркинен, 10 жыл бою мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратылган.

Бишкек мэриясы автотоктотмолордун акысын 100 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады

Бишкек шаардык мэриясы калаадагы негизги көчөлөрдө муниципалдык автотоктотмолорду жана машине коюучу жайларды уюштуруп, анын акысын жогорулатууну сунуштады. Бул боюнча мэриянын демилгеси Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жарыяланды. Сунушта айтылгандай, дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен Бишкек шаарынын унаа токтотуучу жайынын кызмат көрсөтүүлөрүнө сааттык төлөм киргизилет. Калаанын борбордук бөлүгүндө унаа токтоочу жайлардын биринчи сааты үчүн төлөмдү 25 сом жана андан кийинки сааттар үчүн тарифти 40 сомдон 100 сомго чейин белгилөө пландалууда.

12 жылдык билим берүү: мектептер 10 баллдык баалоо системасына өтөт

Кыргызстандын мектептери пландалып жаткан 12 жылдык билим берүү системасынын алкагында мурдагыдай 5 баллдык шкаладагы баалоо системасын эмес, 10 баллдык баалоо системасын колдоно баштайт. Бул тууралуу Кыргыз Билим берүү академиясынын "12 жылдык билим берүүгө өтүү концепциясында" айтылат. Документте көрсөтүлгөндөй, 1-2-класстарда балдарга баа коюлбайт. 3-класстан 12-класска чейин окуучуларга 1ден 10го чейинки баа коюлат.