Польша "Түндүк агым" боюнча айыптоону негизсиз деп атады

"Түндүк агым" газ куурларындагы жарылуунун кесепети.

“Түндүк агым” газ кууруна жасалган чабуулдун артында Польша колдогон украин бийлиги турары жөнүндөгү билдирүүлөр негизсиз экенин 18-августта поляк президентинин жардамчысы Мешко Павляк билдирди:

«Бул таптакыр негизсиз жоромол сөз», — деди ал.

Жакында Германиянын чалгын кызматынын мурдагы башчысы Август Ханнинг Die Welt басылмасына курган маегинде чабуул уюштуруу тууралуу Польша жана Украина президенттеринин ортосунда макулдашуу болгонун айткан.

Немис жалпыга маалымдоо каражаттары чабуулга байланыштуу украиналык жаран шек саналып жатканын, Германия прокуратурасы аны Польшадан колго түшүрүү тууралуу ордер бергенин жазышкан.

Польша ордерди алганы, бирок шектүү жаран бул өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон.

Украина бул окуяга тиешеси жоктугун билдирип келет.

Орусия 2022-жылы Украинага кол салганга чейин аталган куур орус газын Балтика деңизи аркылуу Германияга, андан ары Европанын башка да өлкөлөрүнө жөнөтүүчү негизги жол болчу.

"Түндүк агым-1" жана "Түндүк агым-2" газ куурларынын төрт түтүгүнүн үчөө 2022-жылы сентябрдын соңунда жардыруудан жабыркаган. Жардыруу ушунчалык катуу болгондуктан 80 метрлик тереңдиктеги түтүктөр чачырап кеткен.

Германиянын өкмөтү билдиргендей, украиналык жаранды издөө Киев менен Берлиндин алакасына кедергисин тийгизбейт. (RK)

Дагы караңыз

Нетаньяху барымтадагылар боюнча сүйлөшүү татаал болуп жатканын билдирдиChatGPT: АКШдагы шайлоодон улам ирандык аккаунттарга тыюу салындыЛукашенко аскерлеринин үчтөн бири Украина менен чек арага жөнөтүлгөнүн айттыКечки Азаттык (3-чыгарылыш)