Нетаньяху барымтадагылар боюнча сүйлөшүү татаал болуп жатканын билдирди

Биньямин Нетаньяху.

Газада барымтада кармалып тургандарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр өтө татаал болуп жатканын 18-августта Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өкмөттүн жыйынында айтты.

Ал коопсуздук максатында бекем карманууну талап кылган принциптер бар экенин белгилеп:

«Биз ийкемдүү боло ала турган нерселер бар, бирок, ошол эле учурда, бизден ийкемдүүлүк болбой турган да жагдайлар бар. Биз бул эки түшүнүктү так айырмалай алабыз», - деп айтты.

Нетаньяху ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобу кепке келбей жатканын айтып, келерки аптада улана турган сүйлөшүүлөр алдында басымды Израилге эмес, ХАМАСка жасоого чакырды.

Ал "күчтүү аскердик басым жана күчтүү саясий басым барымтадагыларды бошотуунун жолу" экенин кошумчалады.

Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын кол салуусуна кабылып, бир күндө 1197 кишинин өмүрү кыйылган, 251 киши барымтага алынган. Барымтадагылардын 111и дагы эле ХАМАСтын колунда экенин, 39у каза болгонун израилдик аскерлер билдирүүдө. Ошондон кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуулдар башталган. Он айдан бери Газада каза болгондор 40 миңден ашканын сектордун саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

Израилде өкмөттүн барымтадагыларды бошотуу аракети сынга кабылып, бир нече жолу нааразылык акциясы уюштурулган.

АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү Газадагы согушту токтотуу үчүн ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп келе жатышат, бирок алардан азырынча так жыйынтык чыга элек. (RK)

Дагы караңыз

Лукашенко аскерлеринин үчтөн бири Украина менен чек арага жөнөтүлгөнүн айттыChatGPT: АКШдагы шайлоодон улам ирандык аккаунттарга тыюу салындыГазада дагы 19 кишинин өмүрү кыйылдыӨзбек өкмөтүнүн башчысы Кабулга барды