Түркияда өрттөн улам үч миңдей тургун эвакуацияланды

16-августта Түркиянын Измир, Айдын жана Маниса провинцияларында токойдо өрт чыгып, 1600 гектардан ашуун аянт күйүп кеткени кабарланды. Өлкөнүн ички иштер министри Али Йерликая аталган аймактардан 3 500гө жакын тургун коопсуз жерлерге эвакуацияланганын Х баракчасына жазды.

Ишембиде айыл жана токой чарба министри Ибрагим Юмаклы Измирде өрттөн 16 үй күйүп кеткенин, бирок, жабыркаган адамдар катталбаганын кабарлады.

Министр ошондой эле жалпы Түркиянын 6 провинциясында токойлордо өрт чыккан учурлар катталганын белгиледи. Ага 36 тик учак, 10 өрт өчүргүч учак жана эки миңден ачык кызматкер тартылганын билдирди.

Юмаклы Измир провинциясындагы өрткө токойго келген эс алуучулардын эрежелерди сактабаганы, от жакканы себеп болгонун, ага шектелип үч киши изделип жатканын кошумчалады.

Ысыктан улам ушул тапта Түркияда токойлордо өрт көп чыгууда. Жайында утур-утур өрт чыгып, Анталия, Мугла, Чанаккале аймактарында миңдеген тургун эвакуацияланды.

Былтыр 17-сентябрда Түркиянын Мендерес районунда өрт өчүрүүчү тик учак кулап, эки кыргыз жараны каза таап, бирөө ооруканага түшкөн. Ми-8Т үлгүсүндөгү тик учактын учкучтары түнкүсүн өрт өчүрүү операцияларына чыгып жүргөн.

2022-жылы Түркияда тилсиз жоонун айынан 14 миң гектар токой аянты күлгө айланган. Сегиз адам өлүп, ондогон киши ооруканага түшкөн. Түрк бийлиги жана эксперттер табигый кырсыкты көбүнчө климаттын өзгөрүшүнө байланыштырат. (ElB)