Мурдагы элчилер борбор азиялык президенттердин сырларын ачты
Global voices медиа сайты 12-августтагы макаласында Борбор Азия өлкөлөрүндө эгемендиктин алгачкы жылдарында иштеп кеткен америкалык элчилердин эскерүүлөрү тууралуу баяндады. Долбоор Гарвард университетинин Орусияны жана Евразияны изилдөө борборунун демилгесинин бир бөлүгү. Буга чейин Eurasianet сайты АКШнын элчиси Жорж Кролдун Казакстан жана Өзбекстандын ошол маалдагы президенттери тууралуу айтып бергендерин басып чыгарган.
Global voices сайтына чыккан макаланын автору Нурбек Бекмурзаев жазгандай, Югославиянын ыдырашын коштогон зомбулуктан чочулап калгандан кийин Борбор Азия өлкөлөрүнүн суверенитети, мамлекеттүүлүгү жана аймактык бүтүндүгү АКШ үчүн артыкчылыктуу багыт болуп калган.
“Кошмо Штаттардын Бишкектеги мурдагы элчиси Эйлин Маллой (1994-1997) “Кыргызстан ачарчылык маалында” деген мемуарларында ар бир өлкөгө жардам берүүдө өзүнчө программалар иштелип чыкканын жазган.
“Кыргызстанда экономиканы турукташтыруу жана демократиянын өнүгүүсүнө көмөктөшүү каралган”, - деп улантат автор.
Ошол тапта казак бийлиги менен өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн. Анын жыйынтыгында Казакстан өзүнүн ири мунай ресурстарын казып алуу жана экспорттоо үчүн салынган инвестициянын ордуна өзөктүк куралдан баш тарткан.
Эскерүүлөрдө 2001-жылы Ооганстанда “терроризмге каршы согуш” Борбор Азияны стратегиялык маанилүү регионго айлантканы айтылат. Ал жактагы өлкөлөр АКШ баштаган коалициялык күчтөргө транзит жолдорун, базаларды сунуш кылган.
Ал эми 2001-2003-жылдары Тажикстандагы дипломатиялык миссияны жетектеп келген Франклин Хаддл Дүйшөмбү менен авиабазанын айланасындагы сүйлөшүүлөрдү сүрөттөгөн. Элчи асыресе Вашингтон Өзбекстан менен Кыргызстандагы базаларды сактап калууну тандаганда Тажикстан алдында ыңгайсыз абалда калганын баяндаган.
Түркмөнстандагы мурдагы элчи Стивен Манн (1998–2001) “Түркмөнбашыдагы сот” деген эскерүүлөрүндө эмне себептен газды Европага Каспий аркылуу ташуу долбоору ири мүмкүнчүлүктөрүнө карабай, ишке ашпай калганын түшүндүргөн. Манн баяндагандай, маркум президент Сапармурад Ниязов куур жаткырыла электе 5 млрд, андан кийин 3 млрд доллар талап кылган. Ошондой эле экспорттон түшкөн киреше өкмөттүн эсебине түшүшү, андан кийин гана консорциумдун мүчөлөрү ортосунда бөлүштүрүлүшү керектигин айткан. Элчинин айтымында, мындай реалдуу эмес талаптар инвесторлорду чочутуп койгон. Бирок кийин Ниязов Маннга: “Ошондо мен газ куурун курсам, Орусия экономикабызды муунтуп салмак. Орусия бойкоттосо, элиме кам көрүү үчүн ошол акча керек болчу,” – деп айткан. Дипломат долбоордун ишке ашпай калышынын дагы бир себеби катары түркмөн президенти менен Азербайжандын ошол маалдагы мамлекет башчысы Гейдар Алиев ортосундагы өтө салкын мамилени атайт.
Макалада андан ары баяндалгандай, эскерүүлөр борбор азиялык лидерлердин өз ара жеке мамилелеринин кызыктуу өңүттөрүн ачып берген.
Маркум Ислам Каримовдун аймактагы калган президенттерге начар мамилеси көп сөз болгон. Мисалы АКШнын Ташкенттеги мурдагы элчиси Жозеф Прессел (1997-2000) Каримов башка темаларга караганда "борбор азиялык кесиптештерин талкуулаганды жакшы көрчү, эч кимисин жактырбаганын кыйытчу" деп жазган.
“Өзгөчө Сапармурад Ниязов менен Кыргызстандын президенти Аскар Акаевди теңине алчу эмес. Ниязовду "келесоо" деп атачу, Акаевди "саясатчы деле эмес, жөн гана физик" деп айтчу”.
Автор мурдагы жана азыркы саясий лидерлерди мактоого ыктаган китептердин фонунда америкалык дипломаттардын уникалдуу жана ачык-айкын эскерүүлөрү региондун тарыхына жаңыча кароого мүмкүнчүлүк жаратарын белгилейт.
Көчмөндөр оюндары жана спорт дипломатиясы
Казакстан үч жумадан кийин, 8-13-сентябрь күндөрү 5-Көчмөндөр оюндарын кабыл алганы жатат. The Diplomat басылмасы бул иш-чара Париж Олимпиадасынан көп өтпөй уюштурулуп жатканын, Борбор Азиянын, Евразиянын биримдигин биринчи планга чыгаруу мүмкүнчүлүгү түзүлөрүн белгилейт.
Уайлдер Алехандро Санчес жазгандай, глобалдуу чыңалуунун шартында мындай оюндар тамыры бир элдерди чогултуп, ынтымакты даңазалайт, спорт дипломатиясы көйгөйлөрдү чече албаганы менен интеграциянын, Борбор Азиянын мурасынын жана бай маданиятынын маанилүүлүгүн эске салат.
Андан ары ал Көчмөндөр оюндарынын таржымалына токтолуп, аймактын тарыхына миңдеген жыл болгону менен мындай спорттук иш-чара 10 жыл мурун гана уюштурула баштаганын айтат.
Кыргызстан жана Түркиядан кийин эми биринчи жолу мелдештер казак баш калаасында болот.
Бул жолку оюндар “Улуу талаадагы жолугушуулар” деген ураан менен өтмөкчү.
Маалыматка караганда, 85тен ашуун өлкөдөн барган 2 жарым миң катышуучу спорттун 21 түрүнөн – ат чабыш, күрөш, салтуу оюндар, жаа атуудан күч сынашат. Бардыгы болуп 97 медал ойнотулат.
Автор бул мелдештер менен Астана регионалдык маданиятты, тарыхты, салттарды алдыга жылдыруу мүмкүнчүлүгүн аларын белгилейт. Оюндарды түрдүү конференция, маданий, музкалык иш-чаралар коштойт.
Муну менен катар 2016-жылы Кыргызстанда өткөн оюндар маалында журналист Кэтрин Путц саясатташуу, улутчул маанай тууралуу жазганын эске салат. Алсак, Индия жана Пакистандан келген спортчулар ортосундагы окуялар, Кыргызстан менен Ооганстан ортосунда аттардын айынан чыккан талаш-тартыш, Өзбекстандын катышуусуна байланышкан бүдөмүк жагдайлар болгон.
Андан ары аймактагы атлеттер менен күйөрмандар ортосундагы достукка Париждеги Олимпиада учурунда күбө болгонубуз, спорттук дипломатиянын мааниси баяндалган.
Маймыл чечеги Африкадан тышкары аймактарда да аныкталды
Маймыл чечеги Африкадан тышкаркы бир нече өлкөдө табылды. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму буга байланыштуу глобалдык алкактагы чукул кырдаал жарыялады. Адатта саламаттыкты сактоодогу эл аралык мыйзамдарга ылайык мындай чара өтө олуттуу абал түзүлгөндө көрүлөт.
CNN жазганына караганда, вирустун бул штаммы Конго демократиялык жумуриятында тез жайылууда. Илдет Африканын мурда катталбаган төрт өлкөсүнө да жетти.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул континенттеги абал айсбергдин чокусу гана экенин, толук картина түзүлө электигин эскертүүдө.
Дүйнөнүн ар кайсы жерлериндеги эксперттер кырдаалга байкоо салып турушат.
CNN андан ары бул оору тууралуу жалпы маалымат менен бөлүшкөн. Анын аталышы англисче азыр кыскартылып mpox (мурда Monkey pox) деп аталып калды. Учурда түп тамыры менен жоюлган кадимки чечекке байланышкан бул вирус жакын байланыш, өбүшүү же жыныстык катнаш, булганган шейшеп, кийим жана ийне аркылуу жугушу мүмкүн.
Адатта алгачкы белгилери сасык тумоого окшошуп кетет, адамдын дене табы көтөрүлөт, чыйрыгат, чарчайт, башы, булчуңдары ооруйт. Көп учурда кычыштырган бүдүр чыгат, жаралар бир нече жуманын ичинде жок болот.
Адистер вирустун мутациядан улам пайда болгон азыркы түрү адам баласына адаптацияланганын жана жакшылап изилдене электигин белгилешет. Вирус көп убакытта жаныбарлардан адамдарга жугат. Бирок мутациядан кийин адамга ыңгайлашканда кеңири тарашы мүмкүн.
Дарыгерлер оору ымыркайлар, кош бойлуу аялдар, иммунитети төмөн адамдар үчүн кооптуу экенин, алар инфекцияны оор көтөрүшөрүн эскертишет.
Ондогон жылдан бери маймыл чечеги Борбордук жана Батыш Африкада аныкталып келген. 2022-жылы Европа жана Түндүк Америкада табылганы чоң кооптонууга алып келген.
Африканын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматына караганда, вирусту жуктуруп алуу учурларынын көбү Конго демократиялык жумуриятына туура келгени менен ушу тапта континенттин кеминде 13 өлкөсүндө катталды.
Илдеттен коргогон вакцина бар болгону менен Африкада ага бардык адамдар жете албайт.
Өткөн аптада АКШ маймыл чечегин жуктуруп алышы мүмкүн деген адамдарга эмделүү зарылдыгын эскертти.
Бирок эксперттер вакцинадан тышкары вирустун жайылуусун алдын алуу үчүн көзөмөлдүн, диагностиканын жана изилдөөлөрдүн маанилүүлүгүн белгилешет.