16-август: Орусияда кыргыз кыздарды коркуткандар аныкталды, Мрох илдети Швецияда катталды

Мрох вирусу жуккан клеткалар кызык түскө боёлгон

16-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Абактагы Олжобай Шакирдин адвокаты Жогорку сотко арыз берди

Жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди беш жылга абакка кесүү боюнча Аламүдүн райондук сотунун өкүмүнө жана аны күчүндө калтырган Чүй облустук сотунун чечимине каршы 5-августта Жогорку сотко апелляциялык арыз берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” жазуучунун адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди. 14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыраткан. Чүй облустук соту 15-июлда өкүмдү күчүндө калтырган. Жазуучу чечимди “адилетсиздик” деп айткан. Ага “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козголуп, 2023-жылы 23-августта кармалган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында жатат.

ИИМ Орусияда кыргыз кыздарын коркуткандарды аныктады

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлчүлүгү социалдык тармактарда миграцияда жүргөн кыргыз кыз-келиндерди тартипке саларын видео кайрылуу аркылуу эскерткен кыргызстандык жарандар менен жолугуп, түшүндүрүү ишин жүргүздү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 16-августта кабарлады. 15-августта Инстаграм, Фейсбук жана башка бир катар социалдык тармактарда отуз чакты кыргыз жаранынын Орусияда иштеген кыргызстандык кыз-келиндер "жүрүм-турумун оңдобосо, чара көрүшөрүн эскерткен" видео кайрылуусу жарыялаган. Алардын бул кайрылуусу соцтармактарда кызуу талкууланып, мындай "жарма патриоттук" мыйзамсыз экени, арты жаман болору тууралуу эскертүүлөр берилген. ИИМ бул боюнча ыкчам түрдө Орусиядагы өкүлчүлүккө тапшырма бергенин маалымдады. Анын негизинде видео кайрылуу жасаган жарандардын тек-жайы такталып, алар Москвадагы ИИМ өкүлчүлүгүнө чакырылды.

Жаза аткаруу кызматынын үч кызматкери жазага тартылды

Азамат Эстебесов абактан уюлдук телефондон кат жазып, мурдагы жубайы Асел Ногойбаеваны коркуткан окуя боюнча Жаза аткаруу кызматына караштуу №3 абактын үч кызматкери дисциплинардык жазага тартылды. Азамат Эстебесов Асел Ногойбаевага буга чейин телефон чалып, коркутуп кат жазганы, абакта мобилдик телефон колдонуп жатканы айтылган. 26-январда Чүй облусунун Сокулук райондук соту Асел Ногойбаевага зомбулук көрсөтүп, кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесовду 20 жылга абакка кескен. 2023-жылы 20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Жабык жайларда жазасын өтөп жаткандар телефон колдонууга тыюу салынат.

Мектептердин тазалыгы окуучуларга жүктөлөт

Мектеп окуучулары өздөрү окуган класстардын, парталардын тазалыгына өздөрү көз салып, жууп-тазалашат. Тиешелүү буйрукту Билим берүү жана илим министрлиги чыгарды.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылы жарлыкка кол коюп, мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салгандан кийин, мектептердеги окуу класстарын тазалоо жана коопсуздукка көз салган күзөт кызматын каржылоо маселеси жаралган. Айрым мектептерде класстарды балдар жууп-тазалап жатканын айткан ата-энелер нааразылык билдиришкен. Кыргызстанда 2397 мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт. 1 млн 480 миңден ашуун бала окуйт.

Ысык-Көл облусунда чагылган тийип 60 кой өлдү

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда чагылган тийип, болжол менен 60 кой кырылып калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Кырсык 15-августта Тоң районунун Көлтөр айылынын Кичи-Анги жайлоосунда болгон. Быйыл 7-июлда да Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Саз айылындагы Жазы-Кечүү жайлоосунда чагылган түшүп, 250 кой өлгөн.

Доха шаарында Газа боюнча кезектеги сүйлөшүү уланат

Израил тынчтыкка ХАМАС тобун (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) жок кылгандан кийин гана, ал эми ХАМАС атышууну убактылуу эмес, таптакыр токтоткондо гана жетишсе болорун айтып келе жатышат. Дохадагы сүйлөшүүгө АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Уильям Бернс, Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдулрахман ал-Тани жана Египеттин чалгын мекемесинин башчысы Аббас Камел катышууда. Израилдин атынан тышкы чалгын кызматынын башчысы Давид Барнеа барары маалымдалган. Ал эми ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) сүйлөшүүгө катышпай турганын, жыйынтыгы боюнча маалыматты кабыл алууга даяр экенин билдирген. АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү Газадагы согушту токтотуу үчүн ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп келе жатышат, бирок алардан азырынча оң жыйынтык чыга элек.

Украина орус жарандары үчүн атайын лагерь ачуу планы жоктугун билдирди

Украина Орусиянын Курск жана Белгород облустарынан эвакуация болууну каалаган орусиялык жайкын жарандар үчүн атайын лагерь ачпайт. Украинанын омбудсмени Дмитрий Лубинец орусиялык жайкын тургундардан эч кандай коркунуч жок экенин белгилеп, Украинанын аймагына өтүүнү каалоочулар көп деле болбой турганын айтты. Украин аскерлери коңшу Орусиянын Курск облусунун Суджа шаарын толук көзөмөлүнө алганын Украинанын президенти Владимир Зеленский 15-августтун кечинде жарыялап, ал жерде командалык пункт түзүлгөнүн айткан. Украинанын реинтеграция министрлигинин башчысы Ирина Верещук Курск облусундагы соңку окуялардан улам социалдык түйүндөр аркылуу 15-августта орус тилинде аймактагы тургундарга кайрылып, алар үчүн күнү-түнү иштей турган байланыш линиясы ачылганын, Украинага эвакуация болууну же гуманитардык жардам алууну каалагандар кайрылса болорун билдирди. Курск облусунда 9-августта федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыяланган. 14-августта ушундай эле өзгөчө кырдаал коңшу Белгород облусунда да жарыяланды.

Маймыл чечеги алгачкы жолу Швецияда катталды

Швециянын Саламаттык сактоо министрлиги денесин калтырак басып, ыйлаакча каптаган киши ооруну Африкага барганда жуктуруп алганын, ага Стокгольм шаарындагы ооруканада медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын маалымдады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) илдетке чалдыккандар Европа аймагында “жакынкы күндөрү” каттала башташы ыктымал экенин эскертти. Жакында аталган уюм Африкадагы Mpox эпидемиясын эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган жана азыркы катталып жаткан штамм кооптуураак экенин белгилеген. Быйыл жыл башынан бери Конго Демократиялык Республикасында Mpox инфекциясы 14 миңден ашуун адамда катталды. 524 киши каза болду. Оору Борбордук Африка Республикасында, Кенияда, Руандада жана Африканын башка өлкөлөрүндө да катталууда.