"Бир уруудан бир кыз гана аман калган". Үркүндү эскерген жүрүш

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

8-10-августта Ысык-Көл облусунунда Улуу Үркүн окуясын эскерген кезектеги жөө жүрүш болуп өттү. Аны “Тосор коому” “Эсимде” изилдөө аянтчасы менен биргеликте уюштурган. Жүрүштүн катышуучулары Тосор, Дуулат-Булак, Кайыңды, Алтын-Күңгөй, Ашуу-Төр жерлеринде болуп, Үркүндүн курмандыктарын эскеришти.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын мыкаачылыгынан улам Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон. Бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын саны дээрлик 40% азайганы айтылып келет.