Документке Шанхай Кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында, 3-июлда кол коюлган. Ал макулдашууда Казакстан Айдагы эл аралык изилдөө станциясынын (International Lunar Research Station или ILRS) 12-мүчөсү катары кабыл алынганы белгиленет. Бул станцияны түзүүнү 2021-жылы Кытай менен Орусия демилгелеп, ага Азербайжан, Беларус, Египет, Никарагуа, Сербия, Пакистан, Түштүк Африка, Таиланд жана Венесуэла кошулган.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, макулдашуунун алкагында Бээжин менен Астана “космос мейкиндигин тынч колдонууда эки өлкөнүн аэрокосмос агенттиктеринин ортосунда маалымат алмашууну жана кызматташтыкты колдоп”, “Айдагы жана алыскы космосту багындыруудагы кызматташтыкты алдыга жылдырат".
Ал эми Казакстандын Санарип өнүгүү, инновация жана аэрокосмос министрлиги 5-августта бул документтин чоо-жайын кененирээк чечмеледи. Маалыматка караганда, Бээжин менен Астана бири-биринин космодромдорун коммерциялык багытта колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатышат. Мекеме кошумчалагандай, Казакстан Айдын айланасында телескоп колдонуу долбоорун түзүп чыгууга жана иштетүүгө катышат.
Астананын кошулуусу Бээжиндин Айды багындыруу планын бекемдеп, Казакстанды Кытайдын катуу өнүгүп бараткан космос тармагынын мындан аркы интеграциялоо траекториясына жайгаштырууда. Бул, эксперттердин пикиринде, Кытайдын АКШ менен атаандашуудагы аракеттеринин бири.
“Кытай космос державасы катары АКШ менен теңтайлашып, керек болсо андан озуп өткүсү келет. Жакында эле Айдан топурак үлгүлөрүн алып кайткан миссиясы дагы Кытайдын Айдагы изилдөөгө кызыкдарлыгын айгинелейт жана анын узак мөөнөттөгү максаттарынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт”, - деди “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна АКШнын Москвадагы коргонуу маселелери боюнча мурдагы атташеси, RAND Corporation компаниясынын космос саясаты боюнча улук илимий кызматкери Брюс МакКлинток.
Июнь айында Айдан кытайлык "Чанъэ-6" аппаратынын Жерге кайтып келиши бул тармактагы соңку ийгиликтердин бири болуп калды. Бээжин ILRS станциясынын курулушун 2030-жылдары аяктоого ниеттенип турат. Кытайдын Улуттук космос башкармалыгы ошондой эле Айга 2030-жылга чейин астронавттарын жиберүүнү көздөп жатканын билдирди. Ал эми апрелде Бээжин Айдагы изилдөө станциясын негиздөө боюнча эл аралык кызматташуу уюмун түзгөн. Кытай жетектеген бул структура ага мүчө мамлекеттердин Айдагы миссияларын координациялоого багытталган.
ILRS станциясын куруу боюнча пландар НАСАнын “Артемида” программасына жооп катары каралып келет. Америкалыктардын программасынын негизги максаты - 2025-жылга чейин Айга миссиясын жиберип, 2028-жылдарга карата ал жакта туруктуу команданын болуусун камсыздоо.
Вашингтондун космосту багындыруу боюнча дипломатиялык аракеттеринин натыйжасында “Артемида макулдашуусуна” 40тай өлкө кол койгон. Бул космос мейкиндигин колдонуу жана изилдөө боюнча принциптердин топтому.
“Кытайлыктар өзүлөрүнүн көчүрмө уюмдарын түзүүгө аракет кылып жатышат. Анткени кеп кимиси өз программаларына канчалык көп колдоо табары тууралуу болууда. Казакстандыкы эми белгилүү. Алар Кытайды өздөрүнүн космос тармагы үчүн болочоктогу билим, каржы жана машыгуу булагы катары карашат”, - дейт Берлиндеги MERICS борборунун аналитиги Ева Зайверт.
Кытайдын ааламга карай багыт алуусу
Казакстан 70 жылдан бери советтик жана орусиялык космос программаларынын ажырагыс бөлүгү болуп келген. Казакстандын аймагындагы Байкоңур космодромунан ааламга жүздөгөн ракеталар учурулган. Бул тарыхый космос жетишкендиктеринин очогу десе болот. 1957-жылы Байкоңурдан алгачкы “Спутник” учурулган. Космоско учкан алгачкы адам Юрий Гагарин дагы 1961-жылы дал ушул Байкоңурдан көтөрүлгөн.
Советтер Союзу ыдырагандан кийин Байкоңур Орусиянын "Роскосмосунун" негизги космодрому бойдон калган.
Эми Орусиянын да, Байкоңурдун да ролдору өзгөрө баштады.
Космос комплекси көп жылдардын бери Орусия менен Казакстан ортосундагы келишим тууралуу чырдын чордонунда турат. Ал эми "Роскосмос" өз ракеталарын Орусиянын аймагынан учурууну көздөп жатат.
Ошол эле учурда Орусиянын космос программасына бөлүнгөн каржы кыскарып, бир катар техникалык мүчүлүштүктөр болуп, айланасында ар кандай ызы-чуулар көбөйдү. Алгач 2014-жылы, кийин 2022-жылы Москва Украинага кеңири масштабдагы согуш ачкандан кийин Орусияга киргизилген Батыштын санкциялары космос тармагын дагы алсыратты. Анткени Батышта өндүрүлгөн айрым зарыл компоненттер келбей калды.
Мындай өзгөрүүлөр Кытайдын космос программасы өтө тездик менен өнүгүп жаткан маалда болду. Анын үстүнө Бээжин бул тармакка соңку жылдары миллиарддаган доллар салды.
Орусия менен Кытай ортосундагы космос өнөктөштүгү 2014-жылы башталып, кийинки жылдары акырындан өнүгүп, акыры ILRS сыяктуу биргелешкен долбоорлор түзүлдү.
“Орусияда башка көп варианттар бар деп ойлобойм. Орусияга көп нерсе мураска калган жана алардын тажрыйбасы көп. Бирок анын баары артта калды. Кеп космос жөнүндө болгондо, Москва орус-кытай алакаларындагы кичүү өнөктөштөй”, - дейт Лондондогу Коргонуу иликтөөлөр боюнча биргелешкен падышалык институт аналитикалык борборунун космос коопсуздугу боюнча илимий кызматкари Жулиана Зюсс.
Ал арада Бээжин өз таасирин кеңейтип, өзүнүн “Бир алкак - бир жол” демилгесине да космос компонентин кошту.
“Кытай космос державасы макамын активдүү түрдө бекемдеп жатат. Анын курулушуна Казакстан да катышууга ниеттенип жаткан Айдагы база - бул космостогу “жумшак күч” түзүү боюнча туруктуу аракеттеринин бир гана бөлүгү”, - дейт Зюсс.
Космостогу жаңы эра
Казакстандын ILRS станциясын негиздөө боюнча макулдашууга кол койгону Кытай космостогу дымактуу мүдөөлөрүн ишке ашырууда дагы бир кадам алдыга жасаганын айгинелейт. Космос саясатына адистешкен Лестер университетинин доценти Бледдин Боуэндин пикиринде, узак мөөнөттүү пландарды алганда, Астана менен Бээжиндин ортосунда жетишилген макулдашуунун башка өңүттөрү мындан дагы маанилүү болушу мүмкүн.
“Айдагы илимий жана изилдөө долбоорлоруна багытталган. Ал эми учуруу кызматтары боюнча макулдашуу Жер орбитасына көп сандагы спутниктердин чыгарылышын билдирет. Бул абдан маанилүү, анткени спутниктер биз таянган күнүмдүк инфраструктураны камсыздап, космос экономикасында борбордук орунду ээлешет”, - дейт “Азаттыкка” Бледдин Боуэн.
Бээжин үчүн АКШ менен космостогу атаандаштыкта Beidou спутник навигациялык системасы маанилүү багыт болуп саналат. Ал америкалыктардын GPS, орустардын ГЛОНАСС жана европалыктардын Galileo системаларына атаандаш катары чыгарылган. Бул системалардын кеңири жайылышы ири коммерциялык баалуулукту түзгөндүктөн, Кытай BDSтин учактарды, автоунааларды жана кемелердин навигациясында колдонулушун каалайт. Андан тышкары ал жаратылыш кырсыктарында гуманитардык жана башка жардам көрсөтүүдө, айыл чарбаны жакшыртууда, аба ырайын боолголоодо колдонулса деп ниеттенет. АКШ Аба күчтөрүнүн Кытай аэрокосмикалык иликтөөлөрү боюнча институтунун баяндамасында белгиленгендей, BDS глобалдык системасынын 30 спутниги 2020-жылдан бери иштейт жана 120 өлкө аны колдоно баштады.
Казакстан Бээжин тарапка 2013-жылы эле ыктай баштаган. Ошондо кытай жана казак менчик космос компаниялары өз ара кызматташууга киришкен. Эми бул кызматташтык жылдан-жылга өнүгүп барат. Анткени Орусиянын космос программасы Кытайдыкынан артта калды.
“Кытай учурда инвестор катары кыйла алгылыктуу. Анткени акчасы бар. Андан тышкары Казакстандын космос өндүрүшү чыгарган нерсенин баары Кытайдын космос тармагында керектелиши мүмкүн”, - дейт Боуэн.
Казакстандын аймагын космоско аппараттарды учуруу үчүн колдонуу дагы маанилүү. Анткени Орусия Байкоңурдан кеткиси келип жүрөт. Москва бул комплексти келишим боюнча 2050-жылга чейин ижарага алганы менен, Кытай учурда өз коммерциялык космос компаниялары үчүн дүйнө жүзү боюнча учуруу аянтчаларын издеп жатат. Казакстанда ошондой эле ракеталарга каршы коргонуу каражаттарын сыноодон өткөрүүчү полигон да бар.