Украина Орусиянын Курск облусунда комендатура түздү

Александр Сырский.

Орусиянын Курск облусунда Украинанын аскер комендатурасы түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн 15-августта Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский штаб жыйынында билдирди.

Сырскийдин айтымында, комендатура аймактагы коомдук тартипти көзөмөлдөп, жергиликтүү тургундардын муктаждыктарын камсыздоо менен алектенет. Комендант болуп генерал-майор Эдуард Москалев дайындалды.

Украин аскерлери Курск аймагында бир нече багытта 500 метрден тартып 1,5 чакырымга чейинки аралыкка алдыга жылганын белгилеген башкы командачы 1150 чарчы чакырым жердеги 82 калктуу пункт азыркы тапта көзөмөлдө экенин кошумчалады. Анын айтымында, украин аскерлеринин бул операциясы башталгандан бери Орусиянын аймагына ичкери жылуусу 35 чакырымга жетти.

Курск облусунда 9-августта федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыяланган. 14-августта ушундай эле өзгөчө кырдаал коңшу Белгород облусунда да жарыяланды.

Орусия Курск, Белгород жана Брянск облустарында «антитеррордук» операция жүргүзүп жатканын айтууда.

Ал эми Украина Курск облусунан жана ага коңшу аймактардан Орусия украин шаар-кыштактарын тынымсыз аткылап келатканын, ошону токтотуу үчүн гана кирип барганын, жерин ээлеп алуу ниети жоктугун, бул операциясын өз элин коргоо максатында гана жүргүзүп жатканын билдирүүдө.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн өз алдынча тактоо мүмкүн эмес. (RK)

Дагы караңыз

Орусия Украинага чектеш жерден элди чыгаруудаОш шаардык мэриясы мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна үч бөлмөлүү батир бердиКечки Азаттык (3-чыгарылыш) Эки жашар баланын өлүмү боюнча соттолгон чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылат