15-август: Экс-министр Кутманова уулу менен камакта калды, Курскиде Украина аскер комендатурасын түздү

Экс-министр Динара Кутманова менен уулу Кемелбек Кутманов

15-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Беш жашар кызды зордуктоого айыпталган адам өмүр бою кесилди

Оштун Кара-Суу райондук соту беш жашар кызды зордуктоого айыпталган Отуз-Адыр айылынын 31 жаштагы тургунун өмүр бою эркинен ажыратты. Сот өкүмдү 14-августта чыгарганын Жогорку соттун басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады. Ал жазасын өзгөчө тартиптеги абакта өтөйт. Кара-Суу райондук милициясы 15-апрелде Отуз-Адыр айылынын 31 жаштагы тургуну беш жашар кызды зордуктоого шек саналып кармалганын маалымдаган.

Шаардык сот Кутманова менен анын уулун камакта калтырды

Бишкек шаардык соту 8-августта мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жана анын уулу Кемелбек Кутмановдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттарынын арызын карап, алардын камак мөөнөтүн 5-октябрга чейин узарткан. Ушул тапта райондук сотто кылмыш ишин териштирүү уланып жатат. Экс-министр Кутманова жана уулу Кутманов Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен айыпталууда.

Уюлдук телефондорду каттоонун жол-жобосу айтылды

УКМК Кыргызстанда каттоодон өтпөгөн мобилдик телефондор 16-августтан баштап өчүрүлө турганын эскертти. Ага ылайык, ушул жылдын 25-июнуна чейин колдонулган уюлдук телефондор Мамлекеттик идентификациялоо системасына (МИС) автоматтык түрдө киргизилип, каттоого алынган. Ушундан улам аларды өз алдынча каттатууга муктаждык жок жана мобилдик телефондор иштей берет. Министрлер кабинетинин токтому боюнча бир адам Кыргызстанга бир жылда экиден ашык эмес уюлдук аппаратты жеке пайдалануу үчүн акысыз алып кире алат. Чет жактан уюлдук телефон сатып алгандар же онлайн буюртма бергендер аны www.imei.kg сайтына каттатышы керек. Ал эми Кыргызстандан мобилдик телефонду сатып алгандар аны өз алдынча каттатуунун кажети жок.

Бүбүйра Кыдыралиеванын сөөгү жерге берилди

Сталиндик репрессияда атылгандар көмүлгөн жерди көрсөтүп берген Бүбүйра Кыдыралиеванын сөөгү Чүйдүн Бир-Булак айылында жерге берилди. Ал 14-августта 96 жашында дүйнө салган. Бишкектин чет жагында атып өлтүрүлгөн репрессия курмандыктарынын сөөгү жаткан жерди Бүбүйра апа 1990-жылы ачыкка чыгарган. Ага бул жашыруун маалыматты өз кезегинде НКВДнын дачасында кароолчу болуп иштеген атасы Абыкан Кыдыралиев 1973-жылы айтып берген. Кыдыралиева укканын Совет доорунда ачык жарыялоого батынган эмес. “Эл душманы” жарлыгы тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлү болгон. Маркумдардын сөөгү 1991-жылы 30-августта жаңы негизделген “Ата Бейит” көрүстөнүнө арууланып кайра коюлган.

Орусиянын Курск облусунда Украинанын аскер комендатурасы түзүлдү

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский билдиргендей, комендатура аймактагы коомдук тартипти көзөмөлдөп, жергиликтүү тургундардын муктаждыктарын камсыздоо менен алектенет. Комендант болуп генерал-майор Эдуард Москалев дайындалды. Украин аскерлери Курск аймагында бир нече багытта 500 метрден тартып 1,5 чакырымга чейинки аралыкка алдыга жылганын белгилеген башкы командачы 1150 чарчы чакырым жердеги 82 калктуу пункт азыркы тапта көзөмөлдө экенин кошумчалады. Анын айтымында, украин аскерлеринин бул операциясы башталгандан бери Орусиянын аймагына ичкери жылуусу 35 чакырымга жетти. Курск облусунда 9-августта федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыяланган. 14-августта ушундай эле өзгөчө кырдаал коңшу Белгород облусунда да жарыяланды. Орусия Курск, Белгород жана Брянск облустарында «антитеррордук» операция жүргүзүп жатканын айтууда.

Катарда Газа боюнча сүйлөшүү өтөт

Газа секторундагы атышууну токтотуу жана жалпы аймактагы чыңалууну басаңдатуу максатында 15-августта Катардын борбору Дохада кезектеги сүйлөшүү өтөт. DPA маалымат агенттиги белгилегендей, бул жолугушуу чечүүчү мүнөзгө ээ. Сүйлөшүүгө АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Уильям Бернс, Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдулрахман ал-Тани жана Египеттин чалгын мекемесинин башчысы Аббас Камел катышат. Израилдин атынан тышкы чалгын кызматынын башчысы Давид Барнеа барары маалымдалган. Ал эми ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) сүйлөшүүгө катышпай турганын, жыйынтыгы боюнча маалыматты кабыл алууга даяр экенин билдирген. АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү Газадагы согушту токтотуу үчүн ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп келе жатышат, бирок алардан азырынча оң жыйынтык чыга элек.

ЮНЕСКО: “Талибан” келгенден бери Ооганстанда 1,4 млн кыз билим ала албай калды

15-августта Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) билим, илим жана маданият уюму ЮНЕСКО тараткан билдирүүдө «Ооганстандын билим берүү тармагындагы 20 жылдан бери жетишилген туруктуу прогрессти бийлик болгону үч эле жылда дээрлик жокко чыгарып салды. Эми бүтүндөй бир муундун келечеги коркунучта турат», —деп айтылат. Бул күндөрү талибдер ооган өкмөтүн кайрадан өз колуна алгандыгынын үч жылдыгын белгилеп жатышат. «Талибан» көпчүлүк тармактарда аялдардын иштөөсүнө, паркка жана спортзалга баруусуна, орто жана жогорку билим алуусуна тыюу салып койгон. Мындай чектөөлөрдү БУУ «гендердик апартеид» деп атаган.

Британиядагы тополоңдо түркмөн жараны жабыркады

Түркмөнстандык Мая Амангелдиевага беткапчан үч киши кол салганын "Азаттыктын" түркмөн кызматы жергиликтүү "The Mirror" басылмасына шилтеме берип жазды. Өткөн аптада мигранттарга каршы толкундоолор болуп жатканда Британиянын түштүк-чыгышындагы Херне-Бей шаарында түркмөн аял иштеткен дүкөнгө беткапчан кишилер кирип, аны жерге жыгып, "Сен мигрант, мусулман өлкөңө кайт!" деп кыйкырышканы айтылат. Кийин кол салгандар Амангелдиеваны тепкилеп кетишкен. 15 жыл мурун Түркмөнстандан бул өлкөгө көчүп барган 36 жаштагы ишкер чакан кафе жана дүкөн иштетет. Августтун башында Ливерпул, Бристол, Манчестер, Түндүк Ирландиядагы Белфастта ашынган оңчулдар башкалка сураган качкындар жашаган жатакананы өрттөшкөн, бир нече имаратты, машинелерди талкалашкан.