13-август: Орусия согушка салган мигранттар, спортчулар алган белектер

Париж Олимпиадасында күмүш медал уткан мушкер Мунарбек Сейитбек, Бишкек, 13-август

13-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

УКМК Атамбаев менен Айдаровдун иши тууралуу маалымат берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) августтун башында кармалып, Октябрь райондук сотунун чечими менен камакка алынган ишкер Жалил Атамбаев менен экс-депутат Салайдин Айдаров боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин маалыматына ылайык, алар кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында кармалган. Атайын кызмат алар Өзбекстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидери Салим Кыргызбаевич Абдувалиев (Салимбай байбача) менен жакын мамиледе болгонун кошумчалады. Жалил Атамбаев Ошто ишкер катары таанымал. Салайдин Айдаров Жогорку Кеӊештин VI чакырылышында депутат болгон. Алар Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен 4-сентябрга чейин камалган.

Адвокат журналисттин иши боюнча комментарий берди

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулунун адвокаты Назик Ажымаматова журналистке козголгон кылмыш иши тууралуу 13-августта “Азаттыкка” комментарий берди. “Ал экинчи тараптан (ред.: Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча) алган видеосу бар. Ошол окуя боюнча башка адамдар WhatsApp тайпа ачышыптыр. Ошол жерде массалык башаламандыктар бар деген айып коюлууда. Бирок Адылдын сөзүндө жана аракетинде кылмыштын белгилери жок”, - деди ал. Адыл Акжол уулу кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 5-августтагы чечими менен 4-октябрга чейин камакка алынганы 12-августта гана белгилүү болгон. УКМК журналисттин иши жөнүндө комментарий бере элек. Быйыл июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнөн кийин үй-бүлөлүк зомбулук маселеси коомчулукта катуу талкууланган. Адыл Акжол уулу маркумдун кайын атасынан дээрлик бир сааттык маек алып өзүнүн Ютубдагы баракчасына чыгарганы талкууга түшкөн.

Кыргызстан жарым жылда алтын экспорттоону 16% көбөйттү

2024-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 405 млн долларлык алтын сатылган. Бул былтыркы жарым жылдык экспорт көлөмүнөн 16% көп.
Быйыл алты айда Кыргызстандан сыртка жалпы 5,7 тонна алтын экспорттолгон. Негизги сатып алуучу - Улуу Британия. Бул өлкөгө жарым жылда 2,8 тонна алтын 212 млн долларга сатылган. Кыргыз алтынын керектөөгө кызыкдарлардын бири - Кытай алты айда 1,8 тонна алтынды 129 млн долларга сатып алган. Швейцария 63 млн долларга 900 кг сатып алса, ал эми Бириккен Араб Эмираттары 14 кг чукул алтынга 881 миң доллар төлөгөн.

Зеленский украин аскерлери Орусия аймагында экенин ырастады

Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Александр Сырский баштаган жетекчилиги украин аскерлери Орусиянын Курск облусуна киргени тууралуу алгачкы жолу ачык жарыялашты. Башкы командачы Сырский 12-августта украин аскерлери Курск облусунда миң чарчы чакырым тилкени ээлеп турганын расмий билдирди. Курск облусунун губернатору Алексей Смирнов 12-августта Кремлге маалымат бергенде,28 калктуу пункт украиндердин көзөмөлүндө экенин, алар Орусиянын аймагына 12 чакырым ичкери киргенин белгилеген. Украин аскерлери Курск облусуна 6-августта кирип барган. Бир нече чек аралаш жердеги тургундар ага чейин эвакуация болгон.

Орусия согушка жөнөткөн мигранттардын көбү өзбек, тажик жарандары экени кабарланды

Орусия Украинадагы согушка келишимдик негизде соңку бир жылда 26 миңден ашуун кишини жөнөткөнүн, алардын көбү аймактардын тургундары, 10% башка өлкө жарандары экенин 13-августта «Верстка» басылмасы аскерге келишимдик негизде жөнөтүүчү бирдиктүү пунктка жана башка бир нече булакка таянып жазды. Басылма 2023-жылдын 22-июлунан тартып быйылкы жылдын 12-августуна чейинки маалыматка негиздеп кабарлагандай, согушка Коргоо министрлиги менен келишим түзүп жөнөгөндөрдүн 20% гана борбор калаа Москванын тургундары болду. Буга чейин "Азаттык" орус армиясы Украинадагы согушка борборазиялыктарды жалдаган, азгырган жана мажбурлаган фактылар бар экенин жазып, согушта кыргызстандыктар кайтыш болгон бир нече жагдайды аныктаган. Кыргызстандын канча жараны кан күйгөн согушка тартылганы жана канчасы каза болуп, туткунга түшкөнү тууралуу маалымат жок.

Иранда аял укугу үчүн күрөшкөн беш активист аял 20 жылдан ашуун мөөнөткө абакка кесилди

Нина Голестани, Анахита Хежази, Анахита Достдар, Росита Ражаи жана Нагин Адалатка өлкөнүн түндүгүндөгү Решт шаарында бир катар башка активисттер менен чогуу былтыр ноябрда кармалышкан. Ар бири «кутум уюштурган» деген айып менен 3,5 жылга жана «режимге каршы үгүт» деген кине боюнча жети айга эркинен ажыратылды. Решт Ирандагы эки жыл мурда уюштурулган «Аялдар, өмүр, эркиндик» акциясы учурунда жапырт нааразылык акциялары өткөн шаарлардын бири болгон. 2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Бул окуядан кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.

Ооганстандын Пакистан менен чек арасындагы соккудан үч киши каза болду

Окуя 12-августтун кечинде ортодогу «Торхам» көзөмөл-өткөрмө бекетине жакын жерде, Ооганстандын аймагында болгон. Пакистан жактан атылган миномет снаряды турак үйгө тийген. Талибдердин айтымында, пакистандык аскерлер ооган чек арачыларына каршы ок чыгарган. Каза болгондордун экөө балдар жана бири аял экени тастыкталды. Атышуудан Пакистандын үч чек арачысы жараат алганы кабарланды. Эки өлкөнүн чек арасы ондогон жыл мурда, британиялык колониялык башкаруу заманында бөлүнгөн, бирок алигүнчө талаш жаратып келет. Мунун айынан чек ара тилкесиндеги коопсуздук күчтөрү ортосунда ар кандай куралдуу кагылышуулар катталып турат. «Торхам» көзөмөл-өткөрмө бекети буга чейин бир нече жолу жабылып, кайра ачылган.

Олимпиадага катышкан спортчулар сыйланды

Парижде өткөн Олимп оюндарында катышкан спортчуларга белектер ыйгарылды. Олимпиадада күмүш медал алган спортчулар Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулуна 10 млн сомдон жана бирден автоунаа берилди. Коло байге алган Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков жана Айсулуу Тыныбекова 7 млн сомдон жана бирден автоунаа алышты. Бешинчи орунду багындырган Айпери Медет кызы, Айаал Лазарев, Бекзат Алмаз уулу, Амантур Исмаиловго 1 млн сомдон жана бирден машине берилди. Олимп оюндарынын катышуучулары Айбек уулу Кубанычбек, Елизавета Печорских, Сардана Трофимова, Эрлан Шеров, Эрназар Акматалиев, Денис Петрашов 500 миӊ сомдон жана бирден автоунаа алды. Андан тышкары машыктыруучулар менен дарыгелерге да акчалай сыйлыктар берилди. Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышты.