УТРКнын директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулу кармалды

Адыл Акжол уулу.

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулу кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 5-августтагы чечими менен №1 тергөө абагына 4-октябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккан. Кайсы иш боюнча кине коюлганы тууралуу маалымат жок. УКМК журналисттин иши жөнүндө комментарий бере элек.

33 жаштагы Адыл Акжол уулу 2022-жылдан 2023-жылдын июнь айына чейин мамлекеттик ЭлТР телеканалынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Былтыр июль айында УТРКнын директорунун орун басары болуп дайындалып, бул кызматтан быйыл март айында кеткен.

Адыл Акжол уулу блогер катары да таанымал. Анын өзүнүн аты-жөнү менен ачылган Ютуб каналында 800 миӊге жакын катталуучусу бар. Негизинен социалдык көйгөйлөр, саясий темалар боюнча видеолорду чыгарат. Жакындары жана анын адвокаты коюлган айып тууралуу комментарий бере элек.

Быйыл июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнөн кийин үй-бүлөлүк зомбулук маселеси коомчулукта катуу талкууланган, Адыл Акжол уулу маркумдун кайын атасынан дээрлик бир сааттык маек алып өзүнүн Ютубдагы баракчасына чыгарганы катуу талкууга алынган. Бир катар укук коргоочулар, журналисттер Акжол уулу тарткан видеону бир жактуу деп айыптап чыгышкан, журналист маекти сындап комментарий жазгандарды уят сөздөр менен сөккөнүн айтышкан.

Маматкулованын бир жыл мурда турмуш курган жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айтса, келиндин жакындары күйөө баласын күнөөлөп жатат. Анын өлүмүнө байланыштуу Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренеси ("Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен иш козголгон. (BTo)

Дагы караңыз

Орусия Украина менен чектеш жердеги калкын эвакуациялоодоИшкер Жалил Атамбаев уюшкан топту каржылаган деген айып менен камалдыКазарман, Жалал-Абад, Кербендеги аэропорттор каттамдарды кабыл алууга даяр экени айтылды Экс-депутат Айдаров кылмыштуу топту каржылаган деген айып менен камалды Орусия Украинадагы атомдук станциядагы өрт толук өчүрүлгөнүн билдирдиЧолпон-Атада селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилдиФранция, Германия жана Улуу Британия Газа боюнча билдирүү жарыялашты