Орусия Украина менен чектеш жердеги калкын эвакуациялоодо

Орусия.

Орусия Украина менен чектеш тилкесиндеги аймактарда жашаган элди эвакуациялоо боюнча кошумча чараларды улантып жатканы 12-августта белгилүү болду.

Түштүк-батыштагы Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков украин аскерлеринин «активдүүлүгүнөн» улам Красная Яруга районунун тургундарын «коопсузураак» жерлерге чыгарып кетип жатышканын 12-августта Telegram каналына жазды.

Украин аскерлеринин Орусия жергесине ичкери кирген аймагы 25-30 чакырымга жеткени Коргоо министрлигинин маалыматынан белгилүү болду.

Орус Коргоо министрлиги дүйшөмбүгө караган түнү Украина менен чек арасындагы Курск облусунда 11, Белгороддо беш, Воронеж облусунда эки согуштук дрон жок кылынганын билдирди, бирок учурулган дрондордун жалпы саны канча болгонун маалымдаган жок.

Украин аскерлери Курск облусуна 6-августта кирип барган. Азыркы күнгө чейин Киев бул боюнча расмий маалымат же комментарий бере элек. Социалдык түйүндөрдө гана Орусиянын чек ара аймагындагы айрым айылдарында украин аскерлери орус туусунун ордуна украин туусун илип жаткан видеолор тарап жатат. Алар бир катар орус кыштактарын ээлеп алышканын орусиялык блогерлер да жазууда.

Москва чек арасынан өтүп барган Украина армиясына каршы резервдеги аскерлерин жөнөтүп, авиация, танк, артиллерия жана учкучсуз учактарын колдонууда.

10-августта орусиялык мамлекеттик телеканалдар чек ара аймагынан эвакуация болгон жергиликтүү тургундар 76 миңден ашканын кабарлашты. (RK)

Дагы караңыз

Казарман, Жалал-Абад, Кербендеги аэропорттор каттамдарды кабыл алууга даяр экени айтылды Экс-депутат Айдаров кылмыштуу топту каржылаган деген айып менен камалды Орусия Украинадагы атомдук станциядагы өрт толук өчүрүлгөнүн билдирдиЧолпон-Атада селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди