Орусия Украинадагы атомдук станциядагы өрт толук өчүрүлгөнүн билдирди

Запорожье атомдук электр станциясындагы (ЗАЭС) өрт. 2024-жылдын 11-августу.

Украинанын азыркы тапта Орусия ээлеп турган Запорожье атомдук электр станциясындагы (ЗАЭС) өрт толук өчүрүлүп бүткөнүн бүгүн 12-августта Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оккупацияланган украин аймактарындагы өкүлдөрү билдиришти.

Өрт өчүрүлгөнүн Украинанын Днепропетров облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак да кабарлады. ЗАЭСтин айланасындагы аймакта радиациялык фон нормада экени белгиленди.

Орусиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясы градирнянын (сууну муздатып туруучу мунара) ички конструкциясына «олуттуу зыян тийгенин» билдирген.

АЭСтин муздаткыч мунарасында өрт эмнеден чыкканы так белгисиз. 11-августтун кечинде Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия өрттү атайылап тутандырганын айткан.

«Энергодар. Никополь шаарынан тастыкталып жаткандай, орусиялык оккупанттар Запорожье атомдук станциясында өрт чыгарышты. Азырынча радиация көрсөткүчтөрү нормада. Бирок атомдук станцияны орусиялык террористтер көзөмөлдөп турганда абалды нормалдуу же нормалдуу болот деп айтууга болбойт. Орусия АЭСти басып алган күндөн тартып аны Украинаны да, бүткүл Европаны жана дүйнөнү да шантаж кылуу үчүн гана колдонуп келет», – деп айтылды Зеленскийдин 11-августтагы билдирүүсүндө. (RK)

Дагы караңыз

Казарман, Жалал-Абад, Кербендеги аэропорттор каттамдарды кабыл алууга даяр экени айтылды Экс-депутат Айдаров кылмыштуу топту каржылаган деген айып менен камалды Чолпон-Атада селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилдиФранция, Германия жана Улуу Британия Газа боюнча билдирүү жарыялашты