Париж-2024: Кыргызстандык спортчулар багындырган бийиктик

Мээрим Жуманазарова кыргыз күрөшүндө эле эмес, Кыргызстандын спортундагы жаӊы тарыхты жазды. Ал 7-августка караган түнү кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта америкалык Эмит Элорго 0:3 эсебинде утулуп Олимпиаданын күмүш медалын тагынды.

Мээрим Токио Олимпиадасында ушул эле салмакта коло алган. Буга чейин бир да кыргызстандык спортчу Олимпиаданын эки жолку медалисти болгон эмес.

Париж Олимпиадасында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу күмүш байгеге ээ болду. Ал бокстон 57 килограмм салмакта финалдык беттеште өзбекстандык Абдумалик Халоковго жеңилди (0:5). Бирок Мунарбектин күмүш медалы Олимп оюндарындагы спорттун бул түрүнөн Кыргызстандын алгачкы ийгилиги болду. 

28 жаштагы Мунарбек Сейитбек уулу финалга чейин жеткен биринчи мушкер болду. Буга чейин кыргызстандык мушкерлер Олимп оюндарында чейрек финалдык беттештерге чейин гана жеткен.
 

Жоламан Шаршенбеков Париж Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта коло медал утту. Шаршенбеков 6-августта 3-орун үчүн беттеште ирандык Мехди Мохсен Нежадды 3:1 эсебинде жеңди. Бул Кыргызстандын Париж Олимпиадасындагы алгачкы байгеси.

Жоламан беттештен кийин “Азатыкка” кыска маек куруп, өзүнүн сезими менен бөлүштү.
“Кудайдын буйругу ушул экен, чындыгында мен деле алтын алгым келген. Негизи айта турчу нерсе көп. Кудай буюрса, муну менен токтобойбуз. Түнү менен салмак куудук. Утулдук деп баарын таштап, үмүт үзүп койгон туура эмес. Кудай алдыда дагы көп жакшы нерселерди даярдап турат. Албетте, кийинки Олимпиадага даярданам, эч качан токтобойбуз”, - деди Жоламан Шаршенбеков.

Жолааман жарым финалда жапон балбаны, Париж Олимпиадасынын чемпиону болгон Кеничиро Фумитага 3:4 эсебинде жеңилген эле.

Кыргыз күрөшүнүн легендасы Айсулуу кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта коло медал утту. Айсулуу ушуну менен Олимп оюндарында экинчи жолу байге алды. Буга чейин Токио Олимпиадасында күмүш медал уткан.

Айсулуу коло медал үчүн беттеште монгол балбаны Орхон Пуревдоржго утулуп жатып, акыркы секунддарда жеңип кетти.Таймаштын биринчи бөлүгүндө алты упай менен монгол балбан кызы алдыга чыккан. Экинчи бөлүктө Айсулуу алгач эки упай, кийин беттештин бүтөрүнө аз калганда төрт упайлык ыкманы жасап, эсепти теңеп, упайлардын сапаты боюнча жеңишке жетти (6:6).

Париж Олимпиадасына грек-рим күрөшүнөн фавориттердин катарында барган Акжол Махмудов да коло медал утту. 

Акжол ушуну менен эки жолку Олимп оюндарында байгелүү болду. Ал Токио Олимпиадасында күмүш медал алган

Акжол Махмудов Париж Олимпиадасында жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. 1/8 финалда АКШ балбаны Камал Амир Бейди 4:1 эсеби менен утуп, чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 1:3 эсебинде жеңилди. Жадраев финалга чыгып, Акжол коло байгеге ат салышууга мүмкүнчүлүк алган. 
Көңүл жубатуучу беттеште ал колумбиялык Алексис Муньозду 9:0 эсебинде утуп, андан кийин азербайжандык Санан Сулеймановду 6:5 эсебинде жеңди. 

Үзүр Жузупбеков коло медал үчүн беттеште грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта египеттик Мохамед Габрды 2:1 эсебинде жеңди.

Олимпиадада коло медал уткан кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип, Париждеги беттештери жөнүндө айтып берди.

“Кийинкиге кандай даярданабыз, аны үйгө барып агайлар менен сүйлөшөбүз. Менин катачылыгым чоң салмактарда каршылашыма тактикалык жактан утулуп калып жатам. Ушуларды оңдосом, кийинки Олимпиадада чемпион болобуз”, - деди.

Жөө күлүк Сардана Трофимова марафондук жарышта 14-орунду ээледи. 42 чакырым 195 метр аралыкты Трофимова 2 саат 26 мүнөт 47 секунд аралыкта чуркап өттү.

1-орунду нидерланддык Сифан Хассан алды. Ал аралыкты 2 саат 22 мүнөт 55 секундда чуркап, Олимпиаданын рекордун жаңыртты. 

Грек-рим күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов коло үчүн беттеште азербайжандык Хасрат Жафаровго жеңилди (0:8) жана оюндарда 5-орунду ээледи.
Бул Олимп оюндарында Амантур Исмаилов төрт беттеш өткөрдү.

Суучул Елизавета Печерских аялдар арасындагы 50 метрге эркин сүзүүдө 79 спортчунун ичинен 30-орунду ээледи. 

Суучул Денис Петрашов брасс стилинде 100 жана 200 метр аралыктарга жарышка чыгып, 100 метр аралыкта 23-орунду, 200-метр аралыкта 14-орунду ээледи. 

Дзюдочу Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмакта чейрек финалда испаниялык Тристани Мосахлишвилиге 1:0 эсебинде жеңилди. Эрлан Шеров беттештен кийин буларды айткан:
“Бир гана нерсени айта алам. Кармашуу учурунда ката кетирдим. Ыкма жасап атканда бутумду алганга үлгүрбөй калдым. Ал мени ошондон жеңип кетти. Олимпиадага даярдык жакшы эле болгон. Эч нерсе деп актана албайм. Мындан сабак гана алам. Бүгүн медал болгон жок, бул да кудайдын буйругу”, - деди ал.

Эркин күрөштөн 65 кг чейинки салмакта балбан Эрназар Акматалиев 1/8 финалда венгриялык атаандашы Исмаил Мусукаевге 11:0 эсебинде жеңилди.

Акматалиев Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. Ал 2021-жылы Токио Олимпиадасында 12-орунду ээлеген.

Эркин күрөштөн 125 кг чейинки салмакта кыргызстандык балбан Айаал Лазарев коло байге үчүн беттеште түркиялык Таха Акгүлгө жеңилди (0:7). Беттештен кийин Айаал Лазарев жана Таха Акгүл килем үстүндө спорттук бут кийимдерин чечип, карьерасын жыйынтыктаганын жарыялашты.

Теги якутиялык Айаал Лазарев 38 жашта. 2009-жылдан бери Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келген.

Эркин күрөштөн 57 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу коло байге үчүн беттеште өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевге жеңилип, 5-орунду ээледи.

Айпери Медет кызы 11-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограммга чейинки салмакта 3-орун үчүн беттеште кубалык Милаймис де ла Каридад Марин Потриллге жеңилди (0:6). Ушуну менен Медет кызы Париж Олимпиадасында 5-орунду ээледи.

25 жаштагы Айпери Медет кызы Олимп оюндарына экинчи жолу катышты. Үч жыл мурун Токио Олимпиадасында 5-орунду ээлеген.

Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу алгачкы беттешинде жеңилди. Ал 66 килограммга чейинки салмакта украиналык Богдан Ядов менен беттешип, иппон менен жеңилип, мелдештен четтеди.

Бул Кубанычбек Айбек уулунун биринчи олимпиадасы болду. Ал 23 жашта.