Париж-2024: Айпери Медет кызы коло медал үчүн беттеште жеңилди

Париж Олимпиадасында Айпери Медет кызы 11-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограммга чейинки салмакта 3-орун үчүн беттеште кубалык Милаймис де ла Каридад Марин Потриллге жеңилди (0:6). Ушуну менен Медет кызы Париж Олимпиадасындагы таймаштарын жыйынтыктап, 5-орунду ээледи.

Айпери бул Олимпиадада төрт беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалда кытайлык Ван Цзюанды (4:1), чейрек финалда индиялык Ритика Худаны уткан (1:1). Жарым финалда америкалык Кеннеди Алексис Блейдстке жеңилген (6:8).

25 жаштагы Айпери Медет кызы Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. Үч жыл мурун Токио Олимпиадасында 5-орунду ээлеген.

Ал Дүйнө чемпионатынын күмүш (2023-ж.) жана коло байгелеринин ээси (2021-ж.). Азия оюндарынын алтын (2023-ж.) жана коло байгелерин уткан (2018-ж.). Азия чемпионатынын финалында беш жолу күрөшүп, эки чемпионатта жеңишке жетсе, үч жолу күмүш байге алган (2020-ж., 2021-ж., 2023-ж.).

Париж Олимпиадасы бүгүн, 11-августта жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Акыркы мелдеш күнү Медет кызынан сырткары жөө күлүк Сардана Трофимова марафондон жарышка чыгып, 91 спортчунун арасынан 14-орунду ээледи.

Ушул тапта эки күмүш, төрт коло медалы менен Кыргызстан медалга ээ болгон 84 өлкөнүн ичинен 68-орунда баратат. Күмүш байгелерге Мээрим Жуманазарова, Мунарбек Сейитбек уулу, коло байгелерге Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айсулуу Тыныбекова ээ болду.

Париж Олимпиадасы эгемен Кыргызстандын тарыхында кыргыз спортчулары эң көп байге алган Олимпиада болуп калды. Буга чейин кыргыз спортчулары Сидней Олимпиадасында бир коло байге, Бээжин Олимпиадасында бир күмүш, эки коло жана Токио Олимпиадасында эки күмүш, бир коло байге алышкан. (ECh/GT)