Эдил Байсалов фейк маалымат тараткандардын жоопкерчилигин эскертти

Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Париждеги кыргыз спортчуларынын тамак-ашы жөнүндө жалган маалыматтар тарап жатканын айтып, ошондой көрүнүштөргө чара көрүү үчүн мыйзамдарды өзгөртүүнү сунуштады.

Байсалов Фейсбуктагы баракчасында “бир ууч топ атайын фейк маалымат таратып жатат” деп, бул туура эмес экенин белгиледи.

“Эми ушундай керемет күндөрү айрымдар жалган фейк видеолорду, сөздөрдү таратып, жалпы улуттун биримдигине доо кетиргендерин биз качанкыга чейин “сөз эркиндиги” деп көрүшүбүз керек. Улутубуздун маанайын бузуп, жалганды таратуу жөн эле ээн ооздук эмес. “Разжигание розни” деген Кылмыш-жаза кодексиндеги эски статьяны кайра карап чыгууга убакыт келип жетти. Жетишет. Мындай өзүнүн ички дартын коомго жайгандарды жайына койбошубуз керек”, - деп жазды.

Байсалов атайын жана билбей фейк маалымат тараткандарга дагы жоопкерчилик киргизилерин кошумчалады.

Буга чейин социалдык тармактарда спортчулардын тамактанып отурганы тартылган видео тарап, “Париждеги кыргыз спортчуларынын тамагы тартыш экен” дегендей маанайда талкуу күчөгөн.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Марат Тагаев ал видео Бишкектеги мелдештердин биринде тартылган эски тасма экенин айтып, кайрылуу тараткан.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, Париж Олимпиадасындагы кыргыз спортчуларын түзүлгөн шарт боюнча сындарга жооп берген. Анда Жапаров уюштуруу боюнча Кыргызстандын Олимпиадалык комитетинде кемчиликтер болгонун, бирок жалпы жолунан спортчуларга жетишерлик кам көрүлүп жатканын айтты. Спортчулардын тамак-ашы жетиштүү экенин билдирген.

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Учурда бир күмүш, төрт коло медалы менен Кыргызстан 74 өлкөнүн ичинен 60-орунда баратат. Олимпиада оюндары 11-августта жыйынтыкталат. (TSh)

Дагы караңыз

Кыргызстан менен Тажикстан CASA-1000 долбоорун сыноодон өткөрөт