Мухаммад Юнус Бангладештин утурумдук өкмөт башчысы катары ант берди

Мухаммад Юнус

Нобел тынчтык сыйлыгынын лауреаты 84 жаштагы Мухаммад Юнус Бангладештин утурумдук өкмөт башчысы катары ант берди. Даккадагы аземде Юнус "өлкө Конституциясын коргорун жана жаңы милдеттерин чын дилинен аткара турганын” айтты.

Бир нече күн мурда Бангладешти 15 жыл башкарган Шейх Хасина студенттер баштаган нааразылык акциялар тынчыбай жатканда Индияга чыгып кеткен.

Франциядан учуп келген профессор Юнуска эми өлкөдө тынчтык орнотуу вазийпасы жүткөлмөкчү.

Юнусту премьер-министрликке дайындоо чечими президент Шахабуддин Чуппу армия жетекчилиги жана студенттердин лидерлери менен жолугушкандан кийин кабыл алынган. Жаңы кабинетке өкмөткө каршы акцияларды жетектеген эки студент кирди.

Бозгундан кайтып келгенден кийин Юнус Бангладеш “экинчи жолу көз карандысыздык алганын” айтып, мыйзамды, тарипти калыбына келтирүүгө чакырды.

Өкмөт башчы сөз болгон толкундоолордо каза тапкан 400дөй кишини эскерди.

170 млн калктуу өлкөдөгү нааразылык акциялары өткөн айда башталган. Бангладештеги нааразылык акциялары июль айында башталган. Студенттер өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн согушка катышкан ардагерлердин жакындарына мамлекеттик кызматтардын 30% бөлүнүшүнө каршы чыккан.

Толкундоолордон улам кваоталар 5% чейин кыскартылса да, нааразылык акциялары токтомок тургай, тескерисинче күчөгөн.

Демонстранттар өкмөттүн отставкасынан тышкары набыт болгондордун өлүмүн тыкыр иликтөөнү талап кылып жатты.

Шейх Хасина адегенде демократиянын символу катары каралып келип, кийин автократка айланган, өлкөдө куугунтуктоолор башталган.

Кесиби боюнча экономист Юнус 2006-жылы Бангладеште жакыр катмарларга насыя алууга жол чкан микрокредит системасын киргизгени үчүн Нобел сыйлыгына татыган.