Париж-2024: Мунарбек Олимпиаданын финалына жеткен алгачкы мушкер

Париж Олимпиадасында Мунарбек алгач кубалык Сайдел Иван Орта Родригес Дел Рейди 3:2 эсебинде утса, чейрек финалда бокс боюнча дүйнөнүн, АКШнын чемпиону Жамал Харвини 3:2 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. Анын бул жеңиши күйөрмандары үчүн да күтүүсүз болду.

Мунарбек Сейитбек уулунун жарым финалдагы атаандашы Европа оюндарыны чемпиону теги кубалык, 2018-жылдан бери Болгариянын атынан чыгып келе жаткан Хавьер Ибаньес Дияс болду. 

Үч раундга созулган беттеште Мунарбек 4:1 эсебинде жеңишке жетти. 

Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюндарында бокс боюнча алтын медаль үчүн ат салышкан алгачкы кыргыз мушкери болду. 

Мунарбектин атасы Сейитбек Токтосунов уулунун жеңишине жетине албай, кубанычын бөлүштү.
“Туугандарыбыз менен уулумдун беттешин үйдөн көрдүк. Өтө сүйүнүп турабыз. Мунарбек сегиз жашынан баштап машыга баштаган. 20 жылдан бери бокс менен машыгып жатат. Баламдын кичинесинде эле таланты бар эле. Уулум тарых жаратты, мунун баары Кудайдын бергени! Эми финалда кыргыздын желегин көтөрүп, гимнин жаңыртсын деп ишенип турам", - деди атасы.

Мунарбектин жеке машыктыруучусу аны Олимпиадага коштоп барбай калганы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.

Мушкерди беттештерге башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу менен чогуу өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасанов секундант катары коштоп чыгууда.

Мунарбек Сейитбек уулу былтыр бокс боюнча Дүйнө чемпионатынын коло медалын утуп, быйыл Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болгон.
Олимпиадага жолдомону акыркы Таиландда өткөн лицензиялык мелдеште алды. Журналисттер сүрөттөп жазгандай жолдомону "тиши менен эле сууруп алып", үч күндө алты беттеш өткөрүп, беш беттеште жеңишке жеткен.

"Беттеш кыйын болду, бирок Алла-таалам жеңил кылып берди. Мекендештер дуба кылып жатышат, баарына чоң ыракмат! Кудай буюрса, дагы көптөгөн ийгиликтерге жетебиз", – деди беттештен кийин Мунарбек Сейитбек уулу. 

Мунарбек Кыргызстандын атынан быйылкы Олимпиадага жолдомо алган жалгыз мушкер эле. Буга чейин Токиодогу Олимп оюндарына бокстон эч ким жолдомо ута алган эмес. Акыркы жолу кыргыз мушкерлери 2016-жылы Рио-де-Жанейродогу Олимпиадага катышкан.


57 килограммга чейинки салмактагы экинчи жарым финалдык беттеште өзбекстандык Абдумалик Халоков австралиялык Чарли Сеньорду 5:0 эсеби менен утуп, финалга чыкты. 

Абдумалик Халоков дүйнө чемпиону. Олимпиаданын финалдык беттеши эки мушкердин экинчи беттеши болмокчу. Алар 2023-жылы 12-майда Ташкент шаарында өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалында беттешкен. Таймашты 1-раунддан кийин дарыгерлер токтотуп, жеңиш өзбекстандык мушкерге ыйгарылган. Эми Мунарбек Париж Олимпиадасында реванш алууга үмүткөр. Финалдык беттеш 11-августта өтөт.

24 жаштагы Абдумалик Халоков дүйнөнүн жана Азиянын чемпиону. зия оюндарнын жеңүүчүсү.