Париж-2024: Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыкты

Мунарбек Сейитбек уулу бокстон жарым финалдык беттеште болгариялык Хавьер Ибаньес Диясты утуп алды.

Париж Олимпиадасында кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу бокстон жарым финалдык беттеште болгариялык Хавьер Ибаньес Диясты 4:1 эсеби менен утуп, финалга чыкты.

Эми ал финалда өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен беттешет. Финалдык беттеш 11-августта өтөт.

Сейитбек уулу буга чейин 1-августта 1/8 финалда кубалык Орта Родригести 3:2 эсебинде, чейрек финалда дүйнө чемпиону жана Панамерика оюндарынын жеңүүчүсү, АКШ мушкери Жамал Харвини 3:2 эсебинде жеңген.

Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюндарынын финалына чыккан алгачкы кыргыз мушкери болуп калды.

28 жаштагы кыргыз мушкери – бокс боюнча 2023-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү (2024-ж.). Жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медал уткан (2018-ж.). Беш жолу Кыргызстандын чемпиону болгон. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Жайкы Олимп оюндарына ал алгачкы жолу катышууда.

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Учурда бир күмүш, төрт коло медалы менен Кыргызстан 74 өлкөнүн арасынан 60-орунда баратат. Олимпиада оюндары 11-августта жыйынтыкталат. (GT)

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.