Париж-2024: Амантур Исмаилов көңүл жубатуучу беттешке чыгат

Амантур Исмаилов Париж Олимпиадасынын чейрек финалында. 7-август, 2024-ж. Париж, Франция.

Париж Олипиадасында грек-рим күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Ал чейрек финалда жеңилген украиналык атандашы Парвиз Насибов жарым финалда азербайжандык Хазрат Жафаровду жеңип (3:3), финалга чыкты. Күрөш эрежесине ылайык Исмаилов эми көңүл жубатуучу беттешке чыгат. Ал таймаштан утса, коло байге үчүн күрөшөт.

Көңүл жубатуучу таймашта Амантур Исмаилов сербиялык Мате Немеш менен күрөшөт. Беттеш 8-августта саат 15:00дө башталат.

Исмаилов буга чейин 1/8 финалда грузиялык Рамаз Зоидзени 12:1 эсебинде уткан. Чейрек финалда Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси, Европа чемпионатында эки жолку коло байге уткан украиналык Парвиз Насибовго бир упайдын айырмасында (6:7) жеңилген.

Амантур Исмаилов 26 жашта. Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2022), Азия оюндарында 3-орунду (2018) ээлеген, Азия чемпионатында коло медалды тагынган (2021), 23 жашка чейинкилер арасында да Азия чемпионатында коло байге уткан (2019). Ислам шериктештиги оюндарынын күмүш медалынын ээси (2021), Польшада өткөн Ziolkowski Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдешининин жеңүүчүсү (2024).

Бүгүн кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов азербайжандык Санан Сулейманов менен, Үзүр Жузупбеков египеттик Мохамед Габр менен Олимпиада оюндарынын коло медалы үчүн күрөшөт.

77 килограммга чейинки салмакта көңүл жубатуучу беттеште Акжол колумбиялык Алексис Муньозду 9:0, Үзүр Жусупбеков 97 килограмм салмакта АКШ балбаны Жосеф Патрик Рауну 9:4 эсебинде жеңди.

Учурда Кыргызстандын байге куржунунда Париж Олимпиадасынын бир күмүш, бир коло медалы бар. 7-августка караган түнү кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. Грек-рим күрөшүнөн балбан Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта коло медал утту.

Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат. Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган.

Ал эми мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокстон мелдештин жарым финалына чыкты. Эми ал 9-августка караган түнү жарым финалда болгариялык Хавьер Ибаньес Диас менен беттешет. (ECh/GT)

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.