Lufthansa Жакынкы Чыгышка каттамдарын убактылуу токтотту

Иллюстрациялык сүрөт.

Германиянын Lufthansa авиакомпаниясы Иранга, Израилге, Иракка, Ливанга жана Иорданияга аба каттамдарын убактылуу токтотуп жатканын жарыялады. Буга Жакынкы Чыгыштагы абалдын чыңалышы уланып жатканы себеп экени белгиленди.

«Коопсуздук боюнча учурдагы абалдын анализине таянып Lufthansa Group Жакынкы Чыгыштагы кызматын өзгөртүүдө. Амман, Бейрут, Эрбил, Тегеран жана Тел-Авивге каттамдардын баары 13-августка чейин токтотулду», — деп айтылды авиакомпаниянын 7-августтагы билдирүүсүндө.

Аймактагы кырдаал курчуйт деген кооптонуу 31-июлга караган түнү Ирандын борбору Тегеранда ХАМАС палестин тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) саясий лидери Исмаил Хания каза болгондон кийин күчөгөн.

Иран Ханиянын өлүмүнө алып келген чабуул үчүн Израилди айыптап, “катаал жаза” болорун билдирген. Израилдик аскерлер бул чабуул үчүн жоопкерчиликти алган эмес. (RK)

Дагы караңыз

Париж-2024: Амантур Исмаилов чейрек финалда жеңилди"Өзгөн күрүчү темирге бай, анемиянын алдын алат"Түркия Эл аралык соттогу Израилге каршы жараянга кошулатКытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол курулушу октябрда башталат