Париж-2024: Амантур Исмаилов чейрек финалда жеңилди

Амантур Исмаилов Парижде Олимпиада 1/8 финалында грузиялык Рамаз Зоидзе менен беттешүүдө. 7-август, 2024-жыл. Париж, Франция.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов чейрек финалда украиналык Парвиз Насибовго 6:7 эсебинде жеңилди.

Исмаилов буга чейин 1/8 финалда грузиялык Рамаз Зоидзени 12:1 эсебинде уткан. Эгер украин балбаны финалга чыкса, Исмаилов коло байге үчүн күрөшүүгө жол ача турган көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Жарым финалда Парвиз Насибов азербайжандык Хазрат Жафаров менен күрөшөт. Бул салмакта жарым финалдык беттештер бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.

Теги азербайжандык, Украинанын атынан чыккан Парвиз Насибов 25 жашта. Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси, Европа чемпионатында эки жолку коло байге уткан.

Амантур Исмаилов 26 жашта. Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2022), Азия оюндарында 3-орунду (2018) ээлеген, Азия чемпионатында коло медалды тагынган (2021), 23 жашка чейинкилер арасында да Азия чемпионатында коло байге уткан (2019). Ислам шериктештиги оюндарынын күмүш медалынын ээси (2021), Польшада өткөн Ziolkowski Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдешининин жеңүүчүсү (2024).

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Амантур Исмаилов: “Күрөш менин жашоом”

Бүгүн кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов азербайжандык Санан Сулейманов менен, Үзүр Жусупбеков египеттик Мохамед Габр менен Олимпиада оюндарынын коло медалы үчүн күрөшөт.

77 килограммга чейинки салмакта көңүл жубатуучу беттеште Акжол колумбиялык Алексис Муньозду 9:0, Үзүр Жусупбеков 97 килограмм салмакта АКШ балбаны Жосеф Патрик Рауну 9:4 эсебинде жеңди.

Учурда Кыргызстандын байге куржунунда Париж Олимпиадасынын бир күмүш, бир коло медалы бар. 7-августка караган түнү кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. Грек-рим күрөшүнөн балбан Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта коло медал утту.

Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат. Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган.

Ал эми мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокстон мелдештин жарым финалына чыкты. Эми ал 9-августка караган түнү саат 1:46да жарым финалда болгариялык Хавьер Ибаньес Диас менен беттешет.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.