Нарында сел жүрүп үйлөрдү суу каптады

Нарын районундагы айылдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын районунда 6-августтун кечинде нөшөрлөгөн жамгырдан улам Куланак айылындагы бир нече коктудан сел жүрүп 42 үйдүн короосун, чарбалык жолдорду суу каптап, көпүрө талкаланды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Жеринде ӨКМнын райондук бөлүмүнүн куткаруучулары үйлөрдү тазалап жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 7-августтагы нөшөрлүү жамгырга байланыштуу Нарын, Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында сел жүрүп, дарыялар ташкындашы мүмкүн экенин эскерткен. ӨКМ жарандарды тоолорго саякаттоого, капчыгай, дарыя жээктеринде эс алууга барбай турууга чакырган.

Өлкөдө быйыл сел жана башка кырсыктардан 25 адамдын өмүрү кыйылды. Өкмөт алардын жакындарына 1 миллион сомдон жардам бере турганын билдирген. Үйү капиталдык ремонтко муктаждарга 500 миң сомдон берүү каралган.

Акыркы сел 23-июлда Базар-Коргон районунун Арстанбап кыштагында болуп, суу бир канча үйдүн короосун каптап, автоунааларды агызып, жолду бузду. Июлда Ош шаарындагы сел беш кишини агызып кеткен. (TSh)

Дагы караңыз

ХАМАС жаңы лидери Яхья Синвар болгонун жарыялады