Париж-2024: Жоламан Шаршенбеков Олимпиаданын коло медалын жеңди

Архив сүрөт. Жоламан Шаршенбеков.

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Париж Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта коло медал утту. Бул Кыргызстандын Париж Олимпиадасындагы алгачкы байгеси. Шаршенбеков 6-августта 3-орун үчүн беттеште ирандык Мехди Мохсен Нежадды 3:1 эсебинде жеңди.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка тансак, Жоламан Шаршенбеков буга чейин аталган ирандык балбан менен Азия жана Дүйнө чемпионаттарында төрт жолу беттешип, бардык таймаштарын уткан.

2019-жылы 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында 4:0, 2020-жылы Азия чемпионатынын жарым финалында 9:2, 2022-жылы Азия чемпионатынын финалында 4:0, 2023-жылдагы Дүйнө чемпионатынын жарым финалында 4:3 эсебинде жеңген.

Коло байге үчүн күрөшкө чейин Шаршенбеков 5-августта үч беттеш өткөргөн. Алгач 1/8 финалда казакстандык Айдос Султангалини 6:3, чейрек финалда румыниялык Разван Арнаутту 9:0 менен жеңген. Жарым финалда жапон балбаны, Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Кеничиро Фумитага 3:4 эсебинде жеңилген эле.

Жоламан Шаршенбеков 25 жашта. Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, эки жолку күмүш байгесинин ээси. Азиянын үч жолку чемпиону жана эки жолку күмүш байгесинин ээси. Азия оюндарынын жеңүүчүсү. Жайкы Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. 2021-жылы Токиодо болгон Олимп оюндарында 7-орунду ээлеген.

Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышат.

7-августка караган түнү кыргызстандык Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасында финалда күч сынашат. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта финалда америкалык Эмит Элор менен беттешет. Беттеш 7-августка караган түнү саат 1:15те башталат.

Финалдык беттешке чейин Жуманазарова 5-августта үч беттеш өткөргөн. Алгач 1/8 финалда монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3, чейрек финалда жапониялык Нонока Озакини 8:6, жарым финалда нигериялык Блессинг Оборудуду 3:1 эсебинде жеңген.

Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат. Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган. Грек-рим күрөшүнүн балбандары Акжол Махмудов (77 кг.) жана Үзүр Жусупбеков 7-августта саат 15:00дө көңүл жубатуучу таймаштарга чыгышат.

Ал эми мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокстон мелдештин жарым финалына чыкты. Эми ал 9-августка караган түнү саат 1:46да жарым финалда болгариялык Хавьер Ибаньес Дияс менен беттешет.

Медаль алган өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан азырынча бир коло байге менен 66-орунда жайгашты. (ECh/GT)

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.