Париж-2024: Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков чейрек финалда жеңилди

Акжол Махмудов жана Камал Амир Бей Париж Олимпиадасынын 1/8 финалында. 6-август, 2024-ж.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 1:3 эсебинде жеңилди.

Махмудов буга чейин 1/8 финалда АКШ балбаны Камал Амир Бейди 4:1 эсеби менен утуп, чейрек финалга чыккан.

Махмудов менен Жадраев ушуну менен экинчи жолу беттешти. Буга чейин алар 2018-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын финалында күрөшүп, Махмудов 8:6 эсебинде уткан.

Махмудовдон сырткары дагы бир кыргызстандык Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта чейрек финалда ирандык Мохаммадхади Саравиге 8:0 эсебинде жеңилди.

Жусупбеков буга чейин 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венцкайтисти 5:1 эсебинде утуп алган.

Демеу Жадраев менен Мохаммадхади Сарави финалга чыгышса, Махмудов менен Жусупбековго коло байге үчүн күрөшүүгө жол ачылат. Демеу Жадраев жарым финалда азербайжандык Санан Сулейманов менен, Мохаммадхави Сарави египеттик Мохамед Габр менен күрөшөт. Бул салмактарда жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.

25 жаштагы Акжол Махмудов - грек-рим күрөшүнөн Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси (2021), Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген. Кадеттер арасында дүйнө чемпиону (2016), жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш (2017) жана коло байгелеринин ээси (2018), уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону (2016, 2017).

28 жаштагы Үзүр Жусупбеков Азия чемпиону (2019-ж.). Азия чемпионатынын үч жолку коло байгесинин ээси (2016-ж., 2018-ж. 2022-ж.). Азия оюндарында 3-орунду ээлеген (2018-ж.). Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси. Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. Ал Токио Олимпиадасында 10-орунду ээлеген.

Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган.

Бүгүн, 6-августта грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков коло байге үчүн ирандык Мехди Мохсен Нежад менен күрөшөт. Таймаштар Бишкек убактысы менен 22:15те башталат. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова финалда АКШ балбаны Эмит Элор менен беттешет.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз. (GT)