Орусияда курал-жарак заводундагы жарылуудан үч адам каза болду

Стерлитамак шаары.

Орусияда заводдо адам өлүмүнө алып келген окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. Тергөө комитетинин Башкыртстан боюнча башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин «коопсуздук талаптарынын бузулушу» деген беренеси менен кылмыш ишин козгогонун маалымдады.

Стерлитамак шаарында жайгашкан "Авангард" заводунда 5-августта жарылуу болуп, үч киши мерт кеткен. Ишкананын акцияларынын 100 проценти Орусиянын "Ростех" мамлекеттик концернине таандык.

Жарылуу жумушчулар цехтердин биринде куур алмаштырып жаткан учурда болгон. Тергөөчүлөрдүн айтымында, эски куурду кесип жатканда «газ-аба аралашмасы күйгөн».

Стерлитамактагы "Авангард" ишканасында Орусиянын коргоо тармагынын буюртмалары аткарылат. Ал жерде жапырт аткылоочу реактивдүү системаларга тетик жасалат. Быйыл жыл башында аталган завод Европа Биримдигинин, Швейцариянын жана Украинанын санкцияларына илинген. (RK)

Дагы караңыз

Париж 2024: Шамал менен жарышкан Лайлс, талибдерди сындаган Кимиа"Олимпиададан качып, Кыргызстанга келдик"Ысыкта кой жайган жеткинчек, унутулган укук"Ток менен урушту". ЕАЭБдин мигрантка тийбеген жарыгы