Париж-2024: суучул Елизавета Печерских 30-орунду ээледи

Елизавета Печерских мелдеш учурунда. Париж. 3-август, 2024-жыл.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык суучул Елизавета Печерских аялдар арасындагы 50 метрге эркин сүзүүдө 79 спортчунун ичинен 30-орунду ээлеп, жарым финалга өтпөй калды.

Аялдар арасында 50 метрге эркин сүзүү боюнча жарышка жалпы 79 спортчу катышып, 10 топто бөлүнүп жарышка чыгышты.

Елизавета Печерских 6-топто жарышка чыгып, 26.26 секунд көрсөткүчү менен биринчи келди. Ал бул көрсөткүч менен жеке рекордун жаңылай алды. Быйыл жыл башында Дохада өткөн дүйнө чемпионатында Печерских 50 метрге эркин сүзүү боюнча жарышта марага 27.00 секундада келген.

Жалпы көрсөткүчтө швециялык Сара Шёстрём марага 23.85 секундада келди. Сара Париж Олимпиадасында алтын медалга башкы талапкерлердин бири. Ал 2023-жылы аялдар арасындагы 50 метрге эркин сүзүүдө дүйнөлүк рекордду жаңылаган. Ал марага 23.61 секундада жеткен.

Кыргыз спортчусу Елизавета Печерских Олимпиада оюндарындагы мелдештерин жыйынтыктады. Аялдар арасында 50 метрге эркин сүзүү боюнча жарым финалдык баскыч 4-августка караган түнү саат 00:30 өтөт.

Елизавета Печерских 20 дистанцияда Кыргызстандын рекордун жаңылаган. Эркин стилде жана чалкалап сүзүүдө Азия чемпионатынын (2017-жылы, 2019-жыл) күмүш, коло медалдарын уткан. Орусиядагы ири мелдештердин бири саналган Александр Попов атындагы кубоктун эки жолку жеңүүчүсү.

Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышууда. Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров менен Кубанычбек Айбек уулу жеңилип, мелдештерин жыйынтыктады. Суучул Денис Петрашов брасс стилинде 100 жана 200 метр аралыктарга жарышка чыгып, 100 метр аралыкта 23-орунду, 200-метр аралыкта 14-орунду ээледи. Ал эми мушкер Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы атаандашын жеңип, чейрек финалга чыккан. Ал эми спорттук күрөш боюнча мелдештер 5-августта башталат. (GT)

Париж Олимпиадасына катышкан кыргызстандык спортчулардын графиги.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.