Жергиликтүү кеңештин шайлоосундагы босого чек 5% болуп белгиленди

Ош облусундагы айылдык кеңештердин бириндеги шайлоо. 9-апрель, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына кол койгонун басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзамда шайлоо ченемдеринин өнүктүрүү, майыптыгы бар адамдарга, шайлоо өнөктүгүндө аялдардын көбүрөөк катышуусуна шарт түзүү, электрондук добуш берүү каралган. Шайлоо мыйзамдарын бузгандарга жоопкерчилик күчөтүлдү.

Саясий партияларга шайлоо босогосу 7ден 5% түшүрүлдү.

Кыргызстанда жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын алкагында шаардык жана айыл аймактык кеңештер таратылат. Реформанын жыйынтыгында айыл аймактардын саны 452ден 235ге чейин кыскарган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү кеңештерди мөөнөтүнөн мурда шайлоону быйыл күзүндө өткөрүү пландалып жатканын Жогорку Кеңештин 13-июндагы жыйынында билдирген. (TSh)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Жозеп Боррел менен жолукту