Садыр Жапаров Жозеп Боррел менен жолукту

Жозеп Боррел менен Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 3-августта Бишкекке иш сапары менен келген Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел менен жолукту. Бул тууралуу президентин басма сөз кызматы кабарлады.

Алар соода-экономикалык, энергетика, транспорт жана суу ресурстары, санариптештирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну сүйлөшүштү. Жапаров Европа Биримдиги Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө колдоо көрсөткөн өнөктөштөрдүн бири экенин айтты.

Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел президент Садыр Жапаровдун Брюссел сапарында кол коюлган келишим соода-экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө жол ачарын белгиледи.

25-июнда “Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасы ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол коюлган. Бул документ 1999-жылкы Бишкек-Брюссел ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу келишимди алмаштырат. (TSh)

Дагы караңыз

Камактагы эки журналист эл аралык сыйлыкка көрсөтүлдү