Париж-2024: Теннисчи Новак Жокович алтын үчүн беттешет

Новак Жокович.

Атактуу сербиялык теннисчи Новак Жокович Париж Олимп оюндарынын финалында испаниялык Карлос Алькарас менен беттешет. 37 жаштагы Жокович өз карьерасында биринчи жолу Олимпиада оюндарынын финалына чыкты.

Эки спортчунун беттеши жекшембиде (4-август) өтөт. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.

Новак Жокович теннистен жекелик мелдештерде жалпы беш атаандашын утуп, финалга чыккан. Алардын арасында испаниялык теннисчи Рафаэль Надаль да бар. Жокович Надалды экинчи айлампада жеңген.

Кечээ, 2-августта өткөн жарым финалдык беттеште Новак Жокович италиялык Лоренцо Музеттини 6:4, 6:2 эсебинде жеңип алды.

Новак Жокович ушуну менен бешинчи ирет Олимпиада оюндарына катышып жатат. Анын эсебинде Бээжинден уткан коло медалы гана бар.

Карлос Алькарас.

Жоковичтин атаандашы испаниялык Карлос Алькарас учурда 21 жашта. Ал жарым финалдык беттеште канадалык Феликс Оже-Альяссимону 6:1, 6:1 эсебинде утуп алды.

Париждеги Олимпиада оюндары 26-июлда башталган. Мында 206 өлкөдөн келген 10 миңден ашуун атлет спорттун 45 түрүнөн мелдешип жатат.

Ушу тапта мелдеш жадыбалында Кытай биринчи, Франция экинчи, Австралия курамасы үчүнчү орунда.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.