АКШ, Германия жана Орусия абагында отурган 26 кишини айырбаштоо жараяны аяктады

АКШ президенти Жо Байден абактан бошотулгандардын жакындары менен.

1-августта Орусияда эркинен ажыратылган бир катар чет элдик жаранды жана орусиялыкты чет мамлекеттердин абактарында отурган айрым орус жарандарына айырбаштоо жараяны жүрдү. АКШ президенти Жо Байден Орусияда негизсиз кармалган 16 киши сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бошотулганын айтып, муну дипломатиялык эрдик деп атады.

Алар, Байден билдиргендей, үч америкалык жаран жана америкалык грин-картага ээ бир жаран – Пол Уилан, Эван Гершкович, Алсу Курмашева жана Владимир Кара-Мурза.

“Биз жалпысынан Орусиядан 16 адамды бошотууну макулдаштык, алардын бешөө Германиянын жараны, жетөө өз өлкөсүндө саясий туткунга айланган Орусия жараны”, - деди Байден жана сүйлөшүүгө Германия, Польша, Словения, Норвегия, Түркия катышканын айтып, аларга рахматын билдирди.

Орусия кайсы жарандарын кайтарып алганы тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бүгүн орус абактарынан бошотулгандар боюнча:

«Биздин душмандарыбыздын баары [чет жакта] кала бериши керек деп эсептейм, ал эми бизге душман эместердин баары кайтып келиши керек. Бул менин пикирим», — деп айтканын ТАСС жазды.

Түркиянын Улуттук чалгын мекемеси 1-августтагы билдирүүсүндө абактагыларды айырбаштоодо «маанилүү ортомчулук роль» ойногонун маалымдады. Мекеме билдиргендей, жети өлкөдө (АКШ, Германия, Польша, Норвегия, Словения, Орусия жана Беларус) абакта отурган жалпысынан 26 киши айырбашталды. Алардын 10у, анын ичинде жашы жете элек экөө Орусияга, 13ү Германияга, үчөө АКШга өткөрүлүп берилди. Айырбаштоо Анкара шаарында өттү. (RK)

Дагы караңыз

Орусиянын мигранттарды кысымга алган мыйзамдары Орусия жана АКШ туткундарды айырбаштады. Алсу Курмашева бошотулду Байден Орусия абагынан 16 кишини бошоткон келишимди "дипломатиялык эрдик" деп атадыПариж-2024: Борбор Азияга келген оомат