“Азаттык”: Абактагы кабарчыларыбызды бошотуу аракети улана берет

Солдон оңго: Алсу Курмашева, Игорь Лосик, Андрей Кузнечик жана Владислав Есипенко.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу түрдүү айып тагылып, негизсиз камалып отурган кабарчыларын бошотуу аракетин уланта берет. Бул тууралуу 1-августта “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти жана башкы директору Стивен Капус билдирди:

«Биз адилетсиз камакка алынган саясий туткундардын баары, өзгөчө Алсу Курмашева жана Эван Гершкович сыяктуу журналисттер өз жакындарына кайтарылат деп үмүттөнөбүз. Журналистика кылмыш эмес. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун темир тор артында адилетсиз кармалып турган дагы үч – Беларустагы эки жана Орусия көзөмөлдөгөн Крымдагы бир журналистине "биз силерди унуткан жокпуз" деп айтабыз. “Эркин Европа/Азаттык” радиосу силердин камактан бошотулуп, үй-бүлөңөргө кайтууңарга жетишүү үчүн колдон келгендин баарын жасайт».

Орусия соту тогуз айдан бери камакта отурган журналист, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы Алсу Курмашеваны 6,5 жылга эркинен ажыратканы 22-июлда белгилүү болгон. Татарстандын Жогорку сотунун расмий сайтына Курмашева «орус аскерлери жөнүндө жалган маалымат таратууга» айыптуу деп табылганы тууралуу маалымат жарыяланган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти жана башкы директору Стивен Капус Курмашевага каршы сот процессин жана өкүмдү “сот адилеттигин шылдыңдоо” деп айыптап, “Бир гана адилеттүү жол – Алсу абактан токтоосуз бошотулушу керек” деген. "Мемориал" укук коргоо долбоору Курмашеваны саясий туткун деп жарыялаган. "Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Without Borders - RSF) эл аралык уюму Курмашева адам чыдагыс жана басынтуучу шартта кармалып турганын белгилеп, орус бийлигин аны тез арада бошотууга чакырган. Курмашева өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун беларус кызматынын штаттан тышкаркы кабарчысы Андрей Кузнечикти Беларустун атайын кызматы 2021-жылы 27-ноябрда кармап кеткен, жарым жылдан кийин ал "экстремисттик уюм негиздеген" деп айыпталып, алты жылга эркинен ажыратылган.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун беларус кызматынын медиаконсультанты, блогер Игорь Лосик 2021-жылы декабрда 15 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга отургузулган.

Орусия аннексиялап алган Крымдын соту “Крым.Реалии” сайтынын штаттан тышкаркы кабарчысы Владислав Есипенкону 2022-жылы февралда алты жылга абакка кесип, айыппул салган.

Орусияда «тыңчылыкка» айыпталып кармалган, бир жылдан ашуун убакыттан бери камакта отурган америкалык журналист Эван Гершкович 18-июлда күнөөлүү деп табылып, аны 16 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. (RK)