"Таштандыдагы шырдакка жүрөгүм ооруду"
51 жаштагы сүрөтчү, кол өнөрчү Гүлмира Сатарова өз үйүндө чакан өнөркана ачып алган. Ал кийизге кооз саймаларды, оймо-чиймелерди түшүрөт. Уз айым бул өнөрү апасы менен чоң энесинен өткөнүн айтты:
“Чоң апам уз эле. Бой жеткенче анын колунда жүрүп, жанында кийиз-шырдагын кармашып, жардамдашып жүрүмүн. 6-класста окуп жүргөнүмдө боз үйдүн бир термесин согуп бергем. Өзүмдүн апам да кийим жаатында технолог болуп иштейт. Менин кийин сүрөт окуу жайында окуп, кол өнөрчүлүккө аралашып калганыма да ушул эки адамдын таасири зор болду окшойт”.
Сатарова 1991-1995-жылдар аралыгында борбордогу Чуйков атындагы көркөм-сүрөт окуу жайында окуган. Андан соң Насирдин Исанов атындагы Транспорт, курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик университеттин архитектура бөлүмүн аяктаган.
Каарманыбыз мурда улуттук колориттеги кийиз буюмдарга чет элдиктер көп кызыгып сатып алса, азыр жергиликтүүлөрдүн да талабы артып баратат дейт:
“Үй-жай жаңырткандар, айрыкча жаштар менин колумдан чыккан ушул кийиз буюмдарды, сувенирлерди үйүбүзгө коюп койсок жакшы экен деп калышат. Бул биздин көрөңгөбүз, уңгубуз экен, балдарыбызга да улуттук баалуулуктарды таанытууга таасири жакшы болот экен дегендерди да көп”.
Анткени менен эл ичинде улуттук баалуулуктарга көз караш бир кылка эмес. Маселен, жакын арада эле жергиликтүү интернет колдонуучулары таштандыга ташталган шырдакты кызуу талкуулашкан. Муну көпчүлүк байыртан келаткан узчулук өнөрдүн кадырын, машакаттуу мээнетин сыйлабастык катары сыпатташкан эле. Гүлмира айым да бул окуяны жүрөгүнөн өткөргөнүн айтууда:
“Кооз шырдактын таштандыда жатканын көрүү мен үчүн да аянычтуу болду. Себеби мен кол өнөрчүлүккө бала кезден аралашкандыктан анын кандай мээнет менен бүтөрүн жакшы билем. Ошондуктан энемдин, кайын энемдин мындай эмгектерин баалап турам. Бирок социалдык тармакта талкуу болуп жатканда шырдактын жасалуу процесстерин түшүнгөндөр аны кайсы бир уз апалар канча көз майын коротуп жасаганын жазышыптыр. Мына ошолорго рахмат айткым келет”.
Гүлмира Сатарова учурда кийиз буюмдарды жасоо менен эле чектелбей, живопистик чыгармаларды да жаратып келет. Мындай эмгектери менен өлкө ичиндеги бир катар көргөзмөлөргө, айрым учурда чет жерде уюштурулган маданий саамалыктарга да катышып турат. Ал буга чейин өнөрүнүн арты менен Франция, Индия, Орусия, Казакстанга барып келген экен.
Баса, быйыл апрель айында Кыргызстандын Сүрөтчүлөр бирлигинин 90 жылдыгына арналып, борбордогу Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде уюштурулган көргөзмөдө Сатарованын “Кайдыгерлик” деп аталган эмгеги коюлган.
Анда кийизден эки көңдөй карек жасалып, тегерегинде бир топ төөнөгүчтөр тагылган. Муну сүрөтчү, кол өнөрчү айым комузчу Аскат Жетиген камакка алынганда жараткам дейт:
“Өзүм саясатка көп кызыкпайм деле. Бирок эмнегедир комузчу, ырчы Аскат Жетиген камакка алынганда ички толгоолордон улам ушул эмгегим жаралды. Мен кыл калем кармаган искусство адамы болсом, Аскат да комуз кармаган өнөр адамы. Ага карата жасалган мамиле мен сыяктуу эле айрым жарандарды да ойлонтот деген ойдомун. Ошондуктан бул эмгегимди жасап, “Кайдыгерлик” деп атап койдум. Ошондой эле бул эмгектен жалпы эле адамзаттын кайдыгерлигин тапсак да болот. Чындыкка карата, коомго карата, жаратылышка карата адамдардын кайдыгерлиги”.
Сүрөтчү айымдын "Чыйыр" деп аталган эмгеги.
Көпчүлүк өнөр адамдары негизи өз тармагынан алыстагысы келбейт. Бирок ошол эле учурда азыр кымбатчылык өкүм сүрүп турат.
Бирок Гүлмира айым "Азыр иштеген тиштейт дегендей, жакшы иштесем жакшы эле каражат табам" дейт.
Буга чейин өнөр ээси атайын жарманкелерге, көргөзмөлөргө да катышып жүргөн экен. Анын колунан чыккан буюм-тайымдарды, кооз жасалгаларды борбордогу айрым сувенир саткан дүкөндөрдөн да кезиктирүүгө болот. Бирок каарманыбыз азыркы тапта көбүнесе буюртма берген кардарлар менен иштеп жатыптыр.
Ууз айым пано эмгектери үчүн атайын даяр кийиздерди сатып алат, кээде өзү да жүн иштетет.
Кийиздердин артып калган кыркындыларын да текке кетирбей, мындай кооз курактарды жасап алат.
Кол өнөрчүнүн дизайнерлик жумуштары.
Мындай эмгектери бир канча мода көргөзмөлөрүнө да катышкан.
Ысырапкорчулукка арналган "Эртең той" деп аталган эмгек.
Гүлмира Сатарова 1973-жылы Кочкор районунун Мантыш айылында туулган.
1991-1995-жылдары Чүйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында окуган.
1995-2000 -жылдары Насирдин Исанов атындагы Транспорт, курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик университетти окуган.
2009-жылдан бери Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.
Өнөр адамдары өз эмгектери менен жарандык пикирин жеткирсе болот деген каарманыбыз ыр да чиймелеп коёт экен.
Сүрөтчү, кол өнөрчү алдыда буюртмаларын бүтүрүп, жеке чыгармачыл көргөзмөсүн уюштурууну максат кылат. Өнөр ээси болгону элге тартууланчу эмгектерде айта турган маанилүү ой болушу шарт дейт.