Венесуэладагы шайлоо: оппозиция жыйынтык бурмаланганын, Мадуро жеңгенин билдирди

Венесуэланын азыркы президенти Николас Мадуро.

Венесуэлада азыркы президент Николас Мадурого жана анын Бирдиктүү социалисттик партиясына баш ийген Улуттук шайлоо кеңеши бюлеттендердин 80% саналып бүткөндөн кийин азыркы президент добуштардын 51,2%, ал эми бирдиктүү оппозициянын талапкери Эдмундо Гонсалес 44% алганын билдирди.

Шайлоонун алдында жүргүзүлгөн сурамжылоолордо Гонсалес алдыда бараткан. Түштүк Америкада жайгашкан өлкөнүн башында 11 жылдан бери турган Мадуро шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийинки билдирүүсүндө анын жеңиши туруктуулук менен тынчтыктын жеңиши экенин билдирди.

Ал эми оппозиция шайлоонун жыйынтыгы 2018-жылдагыдай эле бурмаланганын билдирди.

"Жыйынтыктарды жашыруу мүмкүн эмес. Өлкө өзгөрүүлөрдү тандады",- деп жазды Эдмундо Гонсалес X социалдык түйүнүнө расмий жыйынтыктар жарыялангыча.

Бир катар мамлекеттер, анын ичинде АКШ Венесуэладагы шайлоонун жыйынтыгын тааный элек. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтондо "жарыяланган жыйынтыктар Венесуэла элинин чыныгы каалоосун чагылдырбайт" деген кооптонуу бар экенин билдирди.

28-июлда өткөн шайлоодо президенттик үчүн он талапкер ат салышты. Мадуро ушуну менен үчүнчү мөөнөт катары менен мамлекет башчы болууга ниеттенүүдө. Алгач ирет бийликке 2013-жылы келген.

Дагы караңыз

Израил Голан дөңсөөлөрүнө жасалган соккуга жооп катуу болорун эcкерттиАфрикадагы уруулар менен кармашта "Вагнердин" ондогон жоочулары каза болду Бейшеналиев Кыргызстанда орган алмаштырган операциялар жасаларын билдирди