Бишкектин тургуну жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барууга шектелип кармалды

Бишкектеги Ататүрк паркы.

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы борбор калаадагы “Ататүрк” сейил багында жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка шектелген жаран кармалганын билдирди.

Мекеменин 29-июлдагы маалыматына караганда, 20-июлда Октябрь райондук милициясына арыз түшкөн. Анда апасы ошол түнү 2009-жылы туулган жашы жете элек кызы менен жыныстык катнашка барган жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты боюнча Октябрь райондук миилциясынын тергөө кызматы Кылмыш-Жаза кодексинин 157-беренеси (Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен кылмыш ишин козгоп, бардык экспертизалар дайындалган.

Кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Кийин Октябрь райондук соту анын бөгөт чарасын карап, СИЗО-1 тергөө абагына каммакка алуу чечимин чыгарган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы жашы жете электерге карата 406 оор жана өзгөчө оор кылмыш жасалганы аныкталган. Анын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда катталган.

Кылмыш иштеринин 160ы зордуктоого байланыштуу.

Дагы караңыз

Францияда темир жол каттамдары толук калыбына келе элек Кытайда сел ондон ашык кишинин өмүрүн алды Иранда аятолла Пезешкианды президенттикке бекитти Кеминде чиркөөнүн айнектерин сындырууга шектүү жаран кармалды