УКМК Кара-Суунун акими Абыкеев пара алууга шектелип кармалганын билдирди

УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеевдин кармалышы боюнча 26-июлда түшүндүрмө берди. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Абыкеев ири өлчөмдө пара алууга шек саналып кармалган.

Маалыматка ылайык, атайын кызматка Ынтымак айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүүдө Абыкеевдин катышы бар экени тууралуу маалымат түшүп, териштирүү учурунда анын ири өлчөмдө акча алганы аныкталган.

Ал УКМКнын Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгына суракка чакырылып, андан соң кармалган.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы Абыкеевдин бөгөт чарасы Ош шаардык сотунда 23-июлда карап, аны тилкат менен бошотконун билдирген.

Абыкеев кармалышы боюнча комментарий бере элек.

19-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунда элге деп бөлүнгөн 138 гектарга байланыштуу маселе көтөрүп, жер тилкелери сатылып жатканын айткан.

39 жаштагы Абыкеев Кара-Сууга аким болуп 2023-жылдын декабрында дайындалган. Ага чейин Нарын облусунда айыл өкмөт башчысы, Ош облусунун Чоң-Алай районунда аким болуп иштеген.

Дагы караңыз

ӨКМ тик учактын көл жээгине конгону боюнча түшүндүрмө бердиЖо Байден Израилдин өкмөт башчысы Нетаньяху менен жолукту27-июлда абанын табы 40 градуска жететОрусия эки күндөн бери Украинанын Дунайдагы портторуна чабуул коюуда