"Генетикалык оорулар көбөйдү". Өзбекстан туугандар ортосундагы никени тыят

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өзбекстандык Сирожиддин Тогаевдин ата-энеси аталаш тууган болгондуктан, бир тууган эжеси экөө майып болуп төрөлгөнүн айтат. Бийликтин мындай никелерди чектөө аракетине карабастан коңшу өлкөдө туугандардын бири-бирине баш байлаган учурлары тыйыла элек.

Ушундан улам 18-июлда Өзбекстанда жакын туугандардын никеге туруусуна тыюу салган мыйзам долбоору парламенттин кароосуна жөнөтүлгөнү кабарланды. Документте туугандар ортосундагы никеден генетикалык оору менен төрөлгөн балдардын саны өсүп жатканы белгиленет.