Кыргызстан жарым жылда кырсыктардан 2 млрд сомго жакын зыян тартты

Ошто 14-июлда болгон селдин кесепети.

Кыргызстан 2024-жылдын алты айында табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартты. Бул тууралуу 25-июлда Бишкектеги маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, бул сумма соңку күндөрдөгү селдин эсебинен дагы көбөйөт. Ушул тапта Ош, Жалал-Абад облустарындагы зыяндын көлөмү такталууда.

Өлкөдө быйыл сел жана башка кырсыктардан 25 адамдын өмүрү кыйылды. Өкмөт алардын жакындарына 1 миллион сомдон жардам бере турганын билдирген. Ошондой эле үйү капиталдык ремонтко муктаждарга 500 миң сомдон берүү каралган.

Акыркы сел 23-июлда Базар-Коргон районунун Арстанбап кыштагында болуп, бир канча үйдүн короосун каптап, автоунааларды агызып, жолду бузду. Он күн мурун Ош шаарындагы сел беш кишини агызып кеткен. (SE)

Дагы караңыз

Ошко Европа инвестициялык банкынан 6 миллион евро насыя алуу жактырылды"Жол бузулуп, машине акты". Арстанбаптагы селАлым Токтомушев мыкты жазуунун үлгүсүн көрсөткөн