Кыргызстанда 15-мартта Аталар күнү белгиленет

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 15-март - Аталар күнү деп белгиленди. Жогорку Кеңеш июнда кабылган алган мыйзамга президент Садыр Жапаров 25-июлда кол койду.

Расмий маалыматка ылайык, мыйзам үй-бүлөнү чыңдоого жана атанын жоопкерчилигин жогорулатууга, коомдун өнүгүшүндө аталар менен энелердин ролун жана салымын таанууга багытталган.

Аталар күнүндө дем алыш болбойт.

Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. (SE)

Дагы караңыз

Meken брендиндеги ноутбуктар чогултула баштадыОш шаарындагы жылуулук борбору мэриянын менчигине өтөтОштогу сел: Мурдагы жетекчилер кармалып, депутатка издөө жарыяланды