Президент Жапаров иш сапары менен Францияга барат

Садыр Жапаров. Архив.

Президент Садыр Жапаров 25-июлда иш сапары менен Францияга барат. Бул тууралуу 24-июлда президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азимбакиев билдирди.

“Алдыда боло турган сапардын алкагында 25-июлда Президент Садыр Жапаровдун “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк - жакшы келечек үчүн бирге” деп аталган Париж саммитине катышуусу пландалган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, президент Жапаров 26-июлда Парижде 33-Жайкы Олимпиада оюндарынын ачылышына катышмакчы.

Оюндарга 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу катышат. Алардын арасында спорттун беш түрүнөн 16 спортчу бар. Анда жалпы 329 комплект медал ойнотулат. Ушуну менен Париж үчүнчү ирет Олимпиада өткөргөнү жатат. Бул шаарда олимп оюндары 1900-жылы жана 1924-жылы болгон.

Дагы караңыз

Германия "Иран менен байланышта" деп шектелген уюмга тыюу салдыБалдарга арналган "Чыныгы башчы" аттуу жомок китеп жарык көрдүТүштүк Кореяга 23 кыргызстандык жумушка жөнөтүлдүМосквада жарылуудан эки киши жабыркады