Москвада жарылуудан эки киши жабыркады

Окуя болгон жер.

Москвада эки киши жараат алган жарылуунун чоо-жайы иликтенүүдө. Бул тууралуу бүгүн 24-июлда Орусиянын Ички иштер министрлиги билдирди.

Окуя Москванын түндүк райондорунун биринде катталганы, жарылуу бир аял жана бир эркек киши үйлөрдүн биринин короосуна коюлган Toyota Land Cruiser автомашинасына отуруп жаткан учурда болгону маалымдалды.

Эркек киши бутунан жабыркаганы, ал эми аял сыныктан жараат алганы кабарланды.

ИИМдин басма сөз катчысы Ирина Волктун айтымында, жабыркагандар ооруканага жеткирилди, «өлтүрүүгө аракет кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, териштирүү башталды.

Орусиянын атайын кызматы менен байланышта экени айтылып жүргөн BAZA телеграм каналы жана бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жабыркаган киши Коргоо министрлигинин 50 жаштагы офицери экенин, ал жашыруун бөлүктөрдүн биринде байланыш каражаттары үчүн жооптуу кызматкер экенин жазып жатышат.

Жарылуу катуу болгондуктан жанындагы башка машиналар да талкаланганы кабарланды. (RK)

Дагы караңыз

Украинадагы согуш менен Орусиядагы сабаттуулуктун байланышы барбы?"Билим берүүдөгү реформаны жактырышкан эмес""Жол бузулуп, машине акты". Арстанбаптагы сел"Тергөө абагы акыркы чара болот". Жаңы мыйзам ишкерлерге эмне берет?