Нурбек Талантбеков "Манас" театрына директор болуп дайындалды 

Кыргыз улуттук “Манас” театрына Нурбек Талантбеков директор болуп дайындалды.

Буйрукка 24-июлда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун кол койгонун аталган театрдан 24-июлда кабарлашты.

Мурдагы директор Азиз Биймырза уулу 15-июлда өз арызынын негизинде директорлук кызматтан алынган. Анын орун басары болуп иштеп жүргөн Нурбек Талантбеков директордун милдетин убактылуу аткарып турган. Өзү манасчы катары белгилүү.

Улуттук макамга ээ “Манас” театры 2021-жылы түзүлгөн. Манасчы Азиз Биймырза уулу аны ошондон бери жетектеп келген. Өкмөттөн каржыланган “Манас” театрында 83 киши иштейт. (SE)

Дагы караңыз

Орусия Молдовадагы шайлоого "кийлигишүүдө" деген кооптонуу айтылды Бишкекте жолдорду оңдоо кечиккени үчүн кылмыш иши козголду"Жол бузулуп, машине акты". Арстанбаптагы сел